
Кыргыз Республиасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер Курванбаев Суйунбек Бурканидиновичтин автобиографиясы
Мен, Курванбаев Суйунбек Бурканидинович 1980-жылдын 8-июлунда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылында жарык дүйнөгө келгенмин.
1987-жылы Караван айылындагы М.Курекеев атындагы орто мектептин биринчи классына барып, аталган мектепти 1997-жылы ийгиликтүү аяктаганмын.
2002-жылы Баткен мамлекеттик университетинин экономика жана технологиясы институтун бүтүргөнмүн, башкаруу адистик боюнча.
1997-жылы Караван айыл өкмөтүнүн "Эргеш Паллван" дыйканчылык чарбасында кызматкер болуп иштегенмин. 2002-жылдан тартып 2011-жылга чейин Россия Федерациясында иштегенмин.
2011-жылдан баштап Кыргызстанда өз бизнесимди ачып, ОСО "Оомат Смаг" компаниясында директор болуп эмектенип келем.
2016-жылы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болуп шайландым.
Андан кийин, 2021-жылдын 11-апрелде “Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан Кызыл-Кыя шаардык Кенешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланып келүүдөмүн.
Потенциалдуу билимимди жана тажрыйбамды жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн, ошондой эле үй-бүлөнүн жыргалчылыгын жакшыртуу үчүн өз билимимди колдонуп келем.
2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоосунда талапкер болуп катышканмын. Кыргыз, орус тилдерин эркин сүйлөймүн.
Үй-бүлөлүүмүн, үч баланын атасымын, бир кыз эки уулум бар.
(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)