№3 бир мандаттуу Кадамжай шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине депутаттыка талапкер Алибеков Шерахмад  Халиловичтин шайлоо алдындагы

ПРОГРАММАСЫ.

Баткен чолкому, анын ичинде Кадамжай району борбордон 900 чакырым алыстыкта Кыргызстандын туштук-батышында жайгашкан эн четки аймак. Баткен облусунун жайгашкан жери геосаясатта стратегиялык мааниге ээ аймак болуп эсептелинет. Башка облустарга салыштырмалуу Баткен облусу эн четки аймак катары, социалдык-экономикалык жактан чабал, инфраструктурасы начар, жумушсуздук, миграция, ирригация, чек-ара жана башка мамлекеттик денгээлдеги койгойлор чечилбеген бойдон калууда. 

Жумушсуздук маселесин чечуу боюнча мамлекет тарабынан аракеттер корулгондугуно карабастан, уй-було багуу максатында ички жана сырткы миграцияга кеткенге эл аргасыз болууда. Республика боюнча миграциянын эн кучтуу агымы ушул чолкомдо. Миграциянын айынан  бир топ жаны койгойлор пайда болууда. Мисалы: Уй-булолордун ажырашуусу, балдардын кароосуз калтырылышы, акырындык менен мигранттардын башка мамлекеттердин жарандыгын алышы, балдардын билим алуу денгээли начарлашы, тарбия жаатындагы койгойлордун кучошуно шарт тузуудо. Мамлекеттик денгээлде мигранттардын укугунун корголушу бажы союзунун алкагында окмоттор аралык келишимдердин аткарылышын козомолдоо жана алардын укуктук базасын чындоо.

Ирригация маселесинде да Баткен чолкомундо бир топ койгойлор бар. Баткен жана Кадамжай райондорунда сугат суу маселелери чечилбей келет. Таза суу жетпеген айылдарды таза суу менен камсыздоо боюнча мамлекеттик программа киргизуу.

Жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча жайыт комитеттеринин ишмердуулугун жакшыртуу. Бул жааттагы мыйзам актыларын инвентаризациялоо.

Айыл чарба товарларын ондуруу багытында, багбанчылыкты онуктуруу, логистикалык борборлорду куруу да менин бирден бир ой максаттарым болуп саналат. Себеби, Баткен облусунун аймагында акыркы жылдары дагы да айыл-чарба багыты, озгочо багбанчылык, момо-жемиш ондуруу тармагы жакшы оздоштурулуп келе жатат. Ондурулгон продукцияны кыргыз бренди менен импорттоого жетишуу. Мал чарбасын асылдуулугун арттыруу боюнча асыл тукум чарбаларын тузуу.Ондурулгон айыл-чарба жана мал-чарбасындагы кайра иштетууну жолго коюу.

ШТАБДЫН ДАРЕГИ: Кадамжай району Үч Коргон айылы

тел.:(0770) 01-77-77

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)