Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызмат ордуна талапкердин программасы:

Мамлекеттик башкаруу системасы беш багыттан турат.

  1. Мамлекеттик саясий башкаруу.
  2. Экономикалык багыт.
  3. Социалдык багыт.
  4. Руханий тарбиялык багыт.
  5. Коррупция менен күрөшүү.

-Мамлекеттик саясий системасы мамлекеттин кызыкчылыгын толук камтыган максаттардын негизинде бийлик бутактары ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Ал мамлекеттик максатарды атасак, Кыргыз Республикасынын мамлекетүүлүгүн чыңдоо, анын бүтүндүгүн сактоо, экономикалык жактан чыныгы эгемендүүлүктү камсыз кылууга жетишип, жарандардын социалдык абалын жакшыртып, татыктуу жашоосун камсыз кылуу, алардын ички жана тышкы коопсуздугуна кепилдик берип, жалпы кыргыз элинин биримдигин камсыз кылат.

-Өлкөнү өнүктүрүүдө мамлекетти чыңдоо максатында мамлекеттин ички жана тышкы саясаты жалпы элдин кызыкчылыгын толук камтууну камсыз кылат.

-Элибиздин руханий байлык дөөлөттөрүн байытып, келечек муундарга өткөрүп берүүгө шарт түзүп, таза коомдо жашоого жетишип, жалпы эл ынтымакта жашоосу үчүн, адеп ыймандуулукка коомду тарбиялоого багыт берип, анын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

-Өлкөбүздөгү жашаган элдердин Конституциялык укуктарын, эркиндиктерин мыйзам чегинде коргоп, мыйзам чегинде кепилдик берип, өнүгүүнүн бардык тармактары боюнча багыт берет. Анын негизинде коом өнүгүп, Кыргыз  Республикасынын маданиятына эле эмес, дүйнөлүк руханий жана материалдык маданиятка салым кошуусунда турат.

Жогоруда белгиленген мамлекеттик негизги максаттары (идеологиясы) 29 жылдан бери жок болгондуктан биздин жогорку бийлик жетекчилер чет өлкөлөрдүн акчасына сатылып, алардын мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген программаларын аткарып, анын негизинде өлкөбүздө мамлекеттин кызыкчылыгын толук камтыган саясат жүрбөгөндүктөн саясий, экономикалык, социалдык жана руханий тарбиялык кризиске дуушар болуп, жыйынтыгында үч жолу ар кандай жол менен жогорку бийлик алмашты.

ТЕЛ: 0778969053

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)