№3 Кадамжай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке  талапкер Насиров Абдижамил Жусуповичтин Программасы

Мен койгон тапшырмалар жана приоритеттер (кыскартылды):

    1. Калктын бардык катмарына түшүнүктүү болгудай так жана адилеттүү, төмөндөн жогору карай сунушталган мыйзамдар;
    2. Өлкөдөгү экологиялык абалга өзгөчө көңүл бөлүнүү:

    - Токой фондусун сактоо;

    - өлкөнүн суу ресурстарынын тазалыгын сактоо, сарамжалдуу пайдалануу ж.б.

    1. Калкка чыныгы экономикалык эркиндикти камсыз кылуу:

    Бул үчүн, мамлекеттик органдардын ишкердик ишине кийлигишүүнү азайтуу, уруксаттар жана текшерүүлөрдүн санын азайтуу; 

    1. Чыныгы люстрация жана расмий аппараттардын азайышы;
    2. Аймактык-администрациялык реформа жана маселелердин ыкчам чечилүүсүн камсыз кылуу;
    3. Коомчулукка жеткиликтүү болгон бирдиктүү жана түшүнүктүү салыкты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
    4. Улгайган адамдардын социалдык коопсуздугун жана ОВЗ (майып) адамдардын социалдык камсыздоосун жакшыртуу.

    Алардын Мамлекеттик колдоого курчалышы жана аларга өзгөчө статусту камсыз кылуу;

    1. Билим берүү жана медицина тармагындагыларды колдоо;
    2. Мен ошондой эле бизнес долбоорлорду түзүүдө консалтинг борборлорун түзүп аны жүргүзүүнү үйрөтүүнү сунуштаймын. Алар жаңы ишкерлерге консультацияларды, чакан жана орто бизнести түзүүнүн биринчи кадамдарына жардам беришип, ишкерлерге ишенимдүү жардамчылардан болуп берет.

    Менин шайлоо округумдагы жашоочулар үчүн:

    Актуалдуу маселе катары:

    1.Уч-Коргон - Дароот-Коргон жолу;

    2.Кызыл-Кыя шаарына өз агымы менен суу алып келүү;

    3.Кожокайыр суу сактагычтарын куруу;

    4.Тамаша айылындагы кайрак жерлерди суу менен камсыз кылуу; 5.Кадамжайдан Котормо, Орозбеков жана Бирлик айыл аймагына кеткен жолдогу жол кырсыгы көп катталган кысууну аттырып кеңейтүү;

    6.Күлдү талаасына келүүчү сууну калыбына келтирүү;

    7.Уч-коргон айыл аймагына кургатылган мөмө жемиштерди даярдоо боюнча базаларды ачуу;

    8.Молдо Нияз менен Ташбек Датканын ордун тарыхка жогорку денгээлге киргизүү жана башка элдин көптөгөн муктаждык долбоорлорун жүзөгө ашырууга чамданып турамын.  

тел: (0771) 502-478

Электронндук почта: Abdijamiln@mail.ru

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)