Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызмат ордуна талапкердин программасы:

Элдин көйгөйүн чечүүдөгү негизги бөлүмдөр 8 пункту камтыйт, алар:

  1. Кызыл-Кыя шаарындагы цемент заводунун салыктарын Ноокат районунан алып, Кызыл-Кыя шаарынын бюджетине түшүрүү.
  2. Исфайрам, Ак-Суу (Шахимардан), Кожошкен (Сох) дарыяларынын агын суулары Өзбекстанды көздөй агып кетүүдө, мына ушул сууларды өзүбүзгө Баткен облусттук айыл аймакка карай буруп, кичи ГЭС куруу жана кайракы жерлерге суу чыгаруу.
  3. Чек араларды тактоо. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы карым-катнашты бекемдеп, достук мамилени чыңдоо жана туристтерди тартуу. Кызыл-Кыя шаары менен Кадамжай аймагындагы кооз жерлерди туристтик жайларга айландыруу.
  4. Кызыл-Кыя шаарына заманбап акыркы үлгүдөгү жылуулук борборун куруу. Анткени бүгүнкү күндө шаарларыбыз күн сайын өнүгүүдө ошол эле учурда таза суу, бала бакча, мектеп, ооруканалардын көйгөйлөрү жаралууда. Ички жолдордун маселелерин (тыгын) чечүү.
  5. Ички жана сырткы миграцияны азайтуу. Өлкөбүздө жумуштун аздыгына байланыштуу жарандарыбыз жакшы жашоону максаттап чет өлкөлөргө кетүүдө. Завод, Фабрикаларды куруп элди жумуш менен камзыс кылуу, кичи жана орто бизнестерди колдоо.
  6. Учурдун талабына ылайык заманбап бала бакча жана мектептерди куруу. СССР убагында курулган бирок бүгүнкү күндө жаңыланбай келген имаараттарды реконструкциялоо.
  7. Кадамжай аймагындагы кен байлыктарды элдин эсебине тактап айтканда элдин пайдасына иштетүү. Ал үчүн сырттан инвестиция тартып келүү абзел.
  8. Кадамжай жана Кызыл-Кыя айыл аймагында өндүрүлгөн экологиялык жактан таза мөмө жемиштерди кайра иштетүү жана импортоо. Аймактарга мөмө жемиштердин сапатуулугун сактоо үчүн заманбап логистикалык борбор куруу.

ШТАБДЫН ДАРЕГИ: Кадамжай шаары, Орозбеков көч.3

тел.: (0220) 505-504; 0555 03-04-74

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)