Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызмат ордуна талапкердин программасы:

Өлкөнүн келечеги жаштардан көз каранды. Ааламдашуу доорунда алардын социалдык активдүүлүгүн жогорулатып, ар тараптан өнүгүүсүнө шарт түзөбүз. Жаштардын максаты бир гана миграция болбошу үчүн аларга дүйнөдөгү жаңы тенденциялар тууралуу маалымат берип, өз жөндөмдөрүн эффективдүү пайланалууга жол көрсөтөбүз. Кыска мөөнөттүү окуулар, аймактар үчүн ишкердик багытындагы окутуулар, айыл чарбасын эффективдүү иштетүү жана IT боюнча жөндөмдөрүн өстүрүү – заман талабы.Заманбап билим берүү Билим берүүнү реформалоо мугалимдердин тажрыйбасын өстүрүү, колдонулган методикаларды жаңылоо, дүйнөлүк деңгээлде колдонулган ыкмаларды ишке киргизүү менен болот. Окуучуларга да башкача мамиле жасалып, алардын критикалык ой жүгүртүүсүн, англис тилин, IT-тилин өздөштүрүүсүн калыптандыруу башкы максат болот. “Ийгиликтүү ишкер өлкөнү багат”Жаңы ишкерлерди ар тараптуу колдоого алабыз. Алар туш болгон ар кандай бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюп, ишкердик чөйрөсүндө иш алып барган уюмдарга, бирикмелерге кошулуп, потенциалын эффективдүү колдонушуна шарт түзөбүз. Каржылык булактарды табуу боюнча да маалыматтар берилип, бизнестин кеңейишине шарт түзөбүз. Ишкердик өнүккөндө гана бюджетке көп каражат түшүп, өкмөт социалдык обьектилерди салат. Жарандарга жумуш орду түзүлүп, миграция агымы азаят.

Колдогу ресурсту натыйжалуу пайдаланабыз

Кыргызстандагы жана Кадамжайдагы тоо-кен жана башка баалуу заттар ресурстары эффективдүү иштетилиши керек. Бул тармактагы лицензиялар ачык жол менен берилип, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы корголушу керек. Экологияга коркунуч алып келбей, ошол аймактагы элге социалдык пакеттер берилип, ал каражат жергиликтүүлөрдүн жашоо шартын оңдоого жумшалышын камсыз кылабыз.

 ШТАБДЫН ДАРЕГИ: Кадамжай шаары. Орозбеков көчөсү

тел.: 0552 02 14 08

Электрондук почта: bekbolot.muradiliv@gmail.com

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)