Маматалиева Өмүркан Турсуналиевна

Өмүр баян

Мен, Маматалиева Өмүркан Турсуналиевна, 1973-жылы 4-майда Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу, Кара-Жыгач айылында туулганмын.

Атам Маматалиев Турсунали совхоздо инженер болуп  иштеген.

Апам Маматалиева Гүлдар үй кожойкеси болгон.  Беш бир тууганмын.

Мен 1990-жылы Кара-Жыгач айылындагы «Дыйкан» орто мектебин бүтүрдүм. 1990-жылы Кыргыз Кыз-Келиндер институтуна тапшырып, 1994-жылы И.Арабаева атындагы Педагогикалык Университеттин маданият факультетин бүтүрдүм.

1994-жылдан  2000-жылга чейин Бишкек шаарындагы №64 орто  мектепте мугалим болуп иштедим.

2008-жылдан баштап, Бишкек шаарындагы №41 орто мектепте кыргыз тили жана адабият сабагынан мугалим болуп иштедим. 2010-жылы Кыргыз Билим берүү Академиясын сырттан окудум.

Билим алып, иштөө менен көптөгөн жетишкендиктерге жетиштим. Октябрь Райондук Билим Берүү Борбору,  Биринчи май Билим Берүү  Борбору тараптан грамоталарды алдым.

Ошондой эле корея билим берүү борборунан да конкурстардын жеңүүчүсү болуп, баалуу сыйлыктарды алдым.

2018-жылы «Кыргыздын кыраан кыздары»  диплом жана төш белги менен сыйландым.

2021-жылы Аялдар конгресси региондордун өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы, жана  лидерлиги үчүн  «алтын медаль» менен сыйландым.

 Үй бүлөлүк шартыма байланыштуу 2017-жылы Баткен областынын Кадамжай районуна көчүп барып, ишкерликти баштадым.

2019-жылдан баштап, ОсОО «Улар Акваны» жетектеп иштетип келем.

Бул ишкерликтин себеби да С.Жээнбековдун жарчылыгы  менен жарыяланган,  региондорду өнүктүрүү жылы себепчи болду.

Менин үй бүлөм:  Беш баланын энесимин. Жолдошум Токторбаев Уларбек Токтошович азыркы учурда Кызыл-Кыя шаарында ИИМдин Күзөт бөлүмүндө жетекчи. Улуу кызым  Токтошова Перизат  үй бүлөлүү.

Кызым Токтошова Карина Медициналык коллежде  студент.  Уулум Токтошов Сталбек студент. Кызым Токтошова Арууке кызыл-Кыял шаарындагы №2 орто мектептин  6-классынын окуучусу.

Кызым Токтошова Акбийке да ошол эле мектептин 3-классынын окуучусу. Азыркы учурда Баткен областына караштуу Кызыл-Кыя шаарында жашап жатам.

Ал жакта жашап, иштеп эл арасын кыдырып жүрүп, карапайым калктын, мугалмидердин, ишканалардын көптөгөн жүрөк ооруткан  көйгөйлөргө кабылып, быйылкы жылы өтө турган жеке мандаттуу шайлоого катышууну чечтим.

Ошол көйгөйлөрдү бир аз да болсо, жеңилдетүүгө жардамым тийсин деп, эл үчүн кызмат кылууга аттандым.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)