Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызмат ордуна талапкердин программасы:

Урматтуу Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шайлоо округунун шайлоочулары! Бүгүн мен сиздерге өзүмдүн турмуштук жана профессионалдык тажрыйбамдан негизделген шайлоо алдындагы программам менен кайрыламын. Ошентип….

    Округдун жашоочулары үчүн мен төмөнкулөрдү аткарууга жетишемин:

Шайлоо округунун жана бүткүл республиканын тургундарынын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, Кыргыз Республикасынын элдеринин биримдигин бириктирүү жана чыңдоо аркылуу Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана эл аралык келишимдердин ченемдери менен кепилденген инсандын руханий, маданий, социалдык-экономикалык, чыгармачылык потенциалын жогорулатууга;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган түрдүү улуттардын жана этностордун ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоого көмөктөшүүгө;

-   Бардык билим беру мекемелеринин кызматкерлеринин жана медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга;

.-  шайлоо округубуздун калкын тейлеген мамлекеттик жана муниципалдык структуралардын жоопкерчилигин жогорулатууга жана калкты тейлөөну жакшыртуу боюнча кызматтын аткарылышын контролдоо жана дайыма контролдук кылууга;

-   жооптуу түзүмдөрдүн аракеттеринекөзөмөл жүргүзүү аркылуу чакан жана орто бизнестин укуктарын текшерүүчү органдардын мыйзамсыз аракеттеринен коргоого;

 - чакан жана орто бизнес үчүн кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө;

 -  ишкерлердин даттануулары боюнча, көзөмөл жүргүзүүчу органдардын аракеттерине көзөмөл жүргүзүүгө;

-   Баткен облусунун тургундарынын коңшулаш Фергана облусу менен өз ара жакшы коңшулук мамилелерин жакшыртууга көмөктөшүү, өз ара саякат жана соода-сатык иштерин жакшыртууга;

     - укуктары бузулуп жаткан калкка акысыз юридикалык кызмат көрсөтүүгө.

Штабдын дареги: Кызыл-Кыя ш. КУЛАТОВ КӨЧӨСҮ

тел.: +996553250956

электрондук почтасы: muhtarmirkadyrov0@gmail.com

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)