КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

  1. Өндүрүш болмойунча элибиздин жашоо деңгелин көтөрүү кыйын экендиги баарыбызга маалым, андыктан мекеме ишканаларды, кичи жана чакан ишканаларды, айыл чарба кооперативтерди түзүү, жеңилдетилген насияларды күрөөсүз берүү жактарын кароо менен кайтарып төлөө мөөнөтүн жарым жылдан кем эмес убакытка узартуу керек.
  2. Азыркы мезгилде жаштардын билимге жана илимге болгон көз карашын кескин түрдө өзгөртүү керек экендигин айткым келет, андыктан жаңы заманбап мектептерди жана бала бакчаларды учурдун талабына жооп бере турган деңгелде куруу зарылдыгын белгилегим келет. Ушул маселелерди чечүү үчүн жер жерлерде айрыкча айыл жерлеринде мектеп жана бала бакчаларын көбөйтүү зарыл.
  3. Жийде айылындагы канал аркылуу келген суу чакан ГЭСин жана Жаңы Ноокат айылында орто ГЭСин, ошондой эле күн нурун пайдаланып Төө-Мойун айыл өкмөтүндө күн нуру батареясын куруу менен ушул күнгө чейин иштетилбей келе жаткан артезиян кудуктарын иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, ошондой эле Кулатов, Көк-Жар, Он-Эки-Бел жана Төөлөс айыл өкмөттөрүндө суу маселеси танкыс экендиги баарыбызга маалым аны чечүү үчүн Исфайрам суусун Көк-Дөбө ашуусу аркылуу Абшыр-Ата суусуна кошуу менен суу маселесин чечүүгө болот.
  4. Айыл чарбасына мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен мал чарбасын өнүктүрүү, бирден бир зарыл болуп эсептелген, өздук наркы абдан төмөн болгон биогазды жана биогумстарды иштеп чыгуу жолдоруну жөнгө салуу жана пайдаланбай жаткан жерлерди тамчылатып сугаруу менен ошол эле жаткан айыл чарба өсүмдүктөрүн эгип тигүүгө ыңгайсыз болгон жерлерге Павлония, жаңгак, бадам жана мисте дарактарын эгүү аркылуу элибиздин киреше булагын жогорлатуунун үстүндө иштөө зарыл экендиги байкалууда.
  5. Жогоруда өндүрүлгөн айыл чарба өндүрүшүн сыртка алып чыгууда жана сатууда тоскоол болгон бажы кызматкерлери тарабынан талап кылынган кээ бир ыңгайсыз текшерүүлөрдү керек болсо жокко чыгаруу керек. Ошол өндүрүлгөн аймакта кайра иштетүү жагын жандандыруу максатында, керектүү болгон шаймандарды сатып алып келип орнотуп ишке киргизүү жактарын карап чыгуу зарылдыгы чоң мааниге ээ экендигин эске алуубуз керек.
  6. Мамлекетибиздин бюджетин ар бир тармакта иштеген ишиңиздерге жараша КРнын салык кодексинде көрсөтүлгөн беренелердин негизинде төлөнгөн суммалардан бюджет калыптандырылгандыгын эске алып, аны туура пайдаланууну көзөмөлгө алуу менен коррупцияга бөгөт койуу максатка ылайыктуу.

Штаб дареги: Көк-Жар айылы

Тел.: 0(773)27-78-31

Элек. почта: zafar050600@gmail.com