КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

 Менин максаттарым жана милдеттерим:

 Мамлекеттин, калктын көйгөйлүү маселелерин биргелешип чечүүдөгү  тилектештер:

Кыргызстан адам укугун урматтаган жана сыйлаган өлкө. Ар бир адамдын укугу жана мыйзамдуу эркиндиги анын ажыратылгыс байлыгы экендиги талашсыз. Демек, калктын укуктарын коргоодо, мамлекеттин кызыкчылыгын колдоодо, жеке кызыкчылыктан коомдук кызыкчылыкты жогору коюда, өлкөнүн өнүгүшү үчүн гүлдөгөн мамлекетти курууда, коррупциялык жана мыйзамсыздыкка каршы туруудагы жалпы мекендештерим менин сапарлаш тилектештерим деп билем. Келечектеги коомдун жыргалчылыгы үчүн адилет, акыйкат жолду курууга даяр болгондордун тилектешимин.

  Ошондуктан сапарлаш тилектештерим менен биргеликте төмөнкүдөй максаттуу багыттарды ишке ашырууга бел байладым:

-жеке ишкерликти (орто жана кичи бизнес) өнүктүрүү;

-мамлекеттин калкка социалдык (пенсия, пособия, жөлөк пул) жактан камсыз кылуу боюнча программасын жакшыртуу;

- камкордук, социалдык акыйкаттуулук;

-сапаттуу билим, жеткиликтүү мүмкүнчүлүк;

- эмгек миграцияга жагымдуу шарт түзүү, жаштардын кесиптик деӊгээлин жогорулатуу;

- социалдык инфрастукртураны жакшыртуу менен адамдардын жашоо деңгээлинин сапатын жогорулатуу;

- мыйзамсыз (коррупция ж.б.у.с.) жолдорго бөгөт коюу;

– эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен айыл чарбаны (багбанчылык, мал чарбачылык) өнүктүрүү; – логистикалык иш каналарды куруу менен өндүрүлгөн товарды экспорттоо;

– мамлекеттик органдардын калкка кызмат көрсөтүүсүн жеңилдетүү (санариптештирүү).

Ушул көйгөйлөрдү чечүүнүн алкагында төмөнкү багыттарды артыкчылыктуу деп эсептейм. Жогорудагы белгиленген максаттарды ишке ашыруу менен өлкөдө билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун, турак жайдын жеткиликтүүлүгүн камтыган жашоонун жогорку сапатына жетише алабыз.

Менин максатым – элдин тактыктуу жашоосун жакшыртууга багытталган мыйзамдарды иштеп чыгуу, анын аткарылышын көзөмөлдөө. 

                                                                                                                                                                                                                       (кыскартылган үлгүсү)

Телефон: 0777660244

Электрондук почта: Mirlan.tursunkulov@mail.ru