
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:
- Ноокат шаарына турак-жай тартыштыгын жоюу максатында шаар ичине канализация тутумдарын куруу, саркындылардан тазало;
- Район калкынын жашоо шартын жеңилдетүү максатында өздөштүрүлө элек жерлерге мамлекеттик ипотекалык компаниясы менен келишим түзүп көп кабаттуу турак жайларды курууга көмөк көрсөтүү;
- Шаар ичиндеги тыгынды жоюу, ошондой эле шаардын тазалыгын, экологиясын сактоо максатында, айланма жолду куруу;
- Жаңы конуштардын статусун бекемдөө максатында иш алып баруу;
- Айылдардагы бүтпөй калган таза суу программасын аягына чыгаруу;
- Ноокат шаарынын инфраструктурасын жогорку деңгээлге жеткирүү максатында борбордук базарды жылдыруу;
- Көк-Бел айыл аймагына Ак-Буура дарыясынан суу чыгаруу үчүн түтүктөрдү орнотуу;
- Райондогу мектептердин мыкты окуган окуучуларынын жогорку окуу жайында билим алуусуна көмөк көрсөтүү;
- Райондогу социалдык маселелердин чечилүүсүнө жаңы мектеп, балдар бакчаларын курууга, эскилиги жеткендерди жаңылоого көмөк көрсөтүү;
- Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Ноокат районундагы бөлүгүн (28-75 чакырымы) капиталдык оңдоп-түзөөсүн аягына чыгаруу;
- Элдин жашоо шартын жакшыртууга багытталган мыйзамдарды иштеп чыгуу;
- Эркин бизнести жөнгө салуу максатында ага колдоо көрсөткөн мыйзамдарды.
Штаб дареги: Ноокат шаары, Ош көчөсү №13
тел.: +996779700007