КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

  1. Ноокат аймагында туризмди жана ага тиешелүү болгон инфраструктураны өнүктүрүү;
  2. Ноокат шаарына көп кабаттуу үйлөрдү салуу максатында канализация куруу;
  3. Турак жай шартын жакшыртууга муктаж болгон жарандарга үй куруу үчүн жер тилкесин берүүнү жеңилдетүү жана  зарыл болгон аймактарда калктуу конуштардын территориясын кеңейтүүгө жетишүү;
  4. Ноокат районунун борборунан аралап өткөн Ош–Исфана автожолунун 28-75 км аралыгында жолду ондоо;
  5. Оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн райондун борборун айланып өтүүчү альтернативдик жол ачуу;
  6. Өлкөбүздөгү кайрак жерлерге суу жеткирүү маселесин иликтөө жана тиешелүү структуралар менен иш жүзүнө ашыруу;
  7. Мамлекеттин социалдык-экономикалык турмушундагы Бюджеттик эмес фонддордун ордун белгилөө менен алардын өз алдынчалыгын камсыздоо;
  8. Социалдык төлөмдөрдү жашы 16 жашка чейин үзгүлтүксүз төлөө демилгесин көтөрүү;
  9. Кайра иштетүүчү ишканалардын санын көбөйтүү жана аларга жакшы шарт тузүү;
  10. Төрөт үйүндө ымыркайларга акысыз сүт берүүнү жана энелер торолгончо төрөт үйүндө көзөмөлгө алууну уюштуруу;
  11. Таза суу жетпеген айылдарды инвестиция тартуу менен ичүүчү суу менен камсыз кылуу;
  12. Элет жериндеги жумушсуз аялдарга кыска мөөнөттүү окууларды уюштурууну колго алуу жана иш менен камсыз кылуу;
  13. Жогорку жана атайын-орто билим берүү системин герман моделине кайтаруу;
  14. Жогорку жана атайын-орто билим берүү мекемелеринде окуу программаларын бирдиктүү мамлекеттик стандартка алып келүү;
  15. Мугалимдерди окуу куралдар менен камсыз кылууну мамлекеттик бюджеттен кароо;
  16. Кыргыз Республикасынын чек аралаш районунда жана шаарларында кредит берүү саясатында үстөк пайызды кыскартуу маселесин демилгелөө;
  17. Кыргыз Республикасындагы ипотека базарынын моделин өзгөртүү;
  18. Ош областынын Ноокат жана Таш-Булак жергесин эркин экономикалык аймакка айландыруу;
  19. Ар кайсы мамлекеттик институттар тарабынан бирин-бири кайталоочу финансылык көзөмөлдөн арылуу.

штаб дареги: Ноокат шаары, С.Алимбеков көчөсү №10. Болжол Кут ордо чайканасы

тел.: (0770) 143 – 153