Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутатынын кызмат ордуна талапкердин программасы:

 

Мен Нурбаев Жалолидин Паязидинович Алла-Таала насип кылса шайлоочуларымдын колдоосу Жогорку Кеңешине депутат болуп калсам:

1.Араван районунун борбору Араван айылына шаар статусун алуу. Араван районунун борборунда 40 миңден ашуун    эл жашап жатат. Райондун өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурасы шаар статусун алууга толук жооп берет.

2.Араван-Төө-Моюн айланма автожолунун техникалык абалы. Араван районундагы эң көйгөйлүү жана азыркы кезде чечилүүсү зарыл болгон маселелердин бири: Жалпы узундугу 38 км. келген жана 1999-2000-жылдары «Элдик ашар» ыкмасы менен курулган Араван-Төө-Моюн айланма автожолунун техникалык абалы жылдан-жылга начарлап баратат.

  1. Араван району тарыхый түрдө биздин өлкө үчүн экспортко багытталган продукт болгон чийки пахта, эртеңки картошка жана жашылчалар өндүрүүгө багытталган. Араван районунда «Капчыгай» сел сактоочу жайдын курулушу. Эгерде бул көйгөй чечилсе, анда 4,0 миңден ашуун сугат айдоо жерлерин кайрадан өздөштүрүүгө реалдуу мумкүнчүлүк болот.
  2. Гулбаар айылындагы таза суу маселеси. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн борбору – Гулбаар айылынын калкын таза суу менен камсыз кылуу маселеси.
  3. Араван районунун жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС), калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү жана мамлекеттик архивдин Араван райондук бөлүмдөрүнө бир имарат куруу.
  4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин көйгөйлөрү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү райондук мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу. Келечек үчүн иштөөчү кадрларды кароо.
  5. Араван районунун аймагында жаңы мектептер куруу маселеси.
  6. Араван райоунун аймагында Ветеринардык сервистерди ачуу.
  7. Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн көйгөйлөрү: Керме-Тоо, Сураташ, Ишкаван жана Кызыл-Байрак айылдарында мектеп, бала бакча, жолдорду оңдоо жана таза ичимдик суу маселесин чечүү.
  8. Шайлоочуларым менен мезгил-мезгили менен жолугушуу менен арыз-даттарын угуу үчүн кабылдама ачуу.

Штабдын дареги: Ош облусу, Араван району, Ош-3000 көчөсү №136

тел.: 0555 46 40 40