
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкердин ПРОГРАММАСЫ:
Экономика
- Суу, жер ресурстарын туура пайдаланып, өнүктүрүү аркылуу жергиликтүү бюджетти кескин көбөйтүү.
- Араван районундагы айыл өкмөттөрдүн экономикасын көтөрүү менен датациядан чыгаруу.
- Ар бир айыл аймакта жер шартына карап, пайдаланылбай турган кайрак жерлерди суулуу жерге айландырып, мөмөлүү бак, тоют жана жер жемиш отургузуу.
- Ар бир айыл аймакка 1000 (миң) гектардан кайрак жерге суу чыгаруу долбоору ишке ашыруу.
Айыл чарбасы
- Айыл өкмөттөрдүн алдында мал чарбаларын, канаттуулар фермаларын уюштуруу. Түзүлгөн чарбалардан алынган киршени түз жергиликтүү бюджетке түшүрүү.
- Өндүрүлгөн продукцияны кайра иштетүүгө, сактоого жана сатууга кам көрүүчү логистикалык борборлорду куруу, сатууну жолго коюу.
-Дыйкандар өндүргөн продукцияны мамлекеттик заказ аркылуу сатып алып, андан ары экспортко чыгаруу тутумун ишке киргизүү.
Өндүрүш
- Айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүүчү ишканаларды, чакан цехтерди ачууга көмөктөшүү.
- Кайра иштетүү ишканаларынынын жыл бою үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу үчүн айыл аймактар ортосунда координациялоону жолго коюу.
Социалдык маселелер
- Билим берүүнүн сапатын, медицинанын абалын жакшыртуу үчүн пландуу иш аракеттерди жасоо;
- Жөлөк пулдардын көбөйүшүн камсыздоо.
-Калкты тейлөөчү медициналык жана маданий борборлорду натыйжалуу иштөөсүнө көмөк көрсөтүү.
Штабдын дареги: Араван р-ну, Алля Анаров а.ө, Ош – 3000 көчөсү
Тел: 0500550640
Электрондык дарек: obdunov69@mail.ru