
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:
- Турак жай шартын жакшыртууга муктаж болгон жарандарга үй куруу үчүн жер тилкесин берүүнү жеңилдетүү жана зарыл болгон аймактарда калктуу конуштардын территориясын кеңейтүүгө жетишүү;
- Өлкөбүздөгү кайрак жерлерге суу жеткирүү маселесин иликтөө жана тиешелүү структуралар менен иш жүзүнө ашыруу;
- Мамлекеттин социалдык-экономикалык турмушундагы Бюджеттик эмес фонддордун ордун белгилөө менен алардын өз алдынчалыгын камсыздоо;
- Элет жериндеги жумушсуз аялдарга кыска мөөнөттүү окууларды уюштурууну колго алуу жана иш менен камсыз кылуу;
- Жогорку жана атайын-орто билим берүү мекемелеринде окуу программаларын бирдиктүү мамлекеттик стандартка алып келүү;
- Мугалимдерди окуу куралдар менен камсыз кылууну мамлекеттик бюджеттен кароо;
- Кыргыз Республикасынын чек аралаш районунда жана шаарларында кредит берүү саясатында үстөк пайызды кыскартуу маселесин демилгелөө.
Штаб дареги : Кара Суу р-у. Кызыл Кыштак а-а А.Навои көчөсү, 178 үй
Телефон : 0779 503 503 0775 58-60-60
Электрондук почта : harika8@mail.ru. otorobaev@ mail.ru.