
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызмат ордуна талапкердин программасы:
1. Калкты, өзгөчө Араван районунун алыскы тургундарына медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга көмөктөшүү:· учурдагы пандемиялык кырдаалда зарыл болгон ФАП жана медициналык пункттардын санын көбөйтүү. · Ош жана Бишкек шаарларына баруу зарылдыгын жоюу максатында ошондой эле заманбап медицина диагностикалык жана лабораториялык жабдуулар менен камсыз кылуу;
2. Мамлекеттик мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелериндеги шарттарды жакшыртуу, спортту өнүктүрүү:· районубуздун алыскы аймактарындагы үй-бүлөлөр үчүн жаңы мектептерди жана бала бакчаларды курууга көмөктөшүү;· иштеп жаткан мектептердин жана бала бакчалардын имараттарын жана базасын этап менен реконструкциялоого жардам берүү; балдар клубдарын жана жаштардын инновациялык иш-чараларын көбүрөөк уюштурууга салым кошуу;· жаңы спорт залдарды куруу, иштеп жаткандарын жакшыртуу.
3. Айыл чарба жерлеринде эмгек шарттарын жакшыртуу:· дыйкандарга жана фермерлерге төмөн пайыздык ссудаларды берүү үчүн мамлекеттик бюджеттен каражаттарды бөлүүнү издөө;· районубуздун айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу;· дыйкандарга өндүргөн продукциясын өстүрүүгө жана сатууга, үрөөндөрдүн ар кандай сортторун алып келүүгө шарт түзүү;· районубузда өндүрүлгөн продукцияларды кайра иштетүүчү кичи цех жана заводдорду ачылышына көмөктөшүү.
4. Райондун инфраструктурасын жакшыртуу:· республикалык мааниге ээ болгон көчөлордүү асфальтталынышына жетишүү;· райондун калкынын көбөйүшүнө жана автоунаалардын көбөйүшүнө байланыштуу дагы бир чоң көпүрөнү тез арада куруунун маселесин чечүү;· райондун алыскы аймактарын ичүүчү суу менен камсыз кылууга жетишүү; район боюнча этап-этабы менен электр мамыларын, зымдарын толугу менен жаңыртуу.
ШТАБ ДАРЕГИ: Араван р-ну, С.Юсупова а/ө, Х.Абдулла көч., 19/1
Телефон: (0552) 905665
Электрон почта: edgor_nuroglu@mail.ru