КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕНЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

 

  1. «Ыңгайлуу бизнес чөйрө». Өлкө экономикасынын локомотиви болуп саналган чакан жана орто бизнести өнүктүрүү зарыл. Инвестиция тартууга, ишкерлерди шыктандырууга багытталган мыйзамдар, жеңилдетилген салык системаларын Министрлер кабинети менен биргеликте ишке ашыруу;
  2. «Туризм». Кыргызстан- туристтердин мекенине айланууга толук мүмкүнчүлүгү бар өлкө. Кыргызстанга келген ар бир турист үчүн коопсуздук, ыңгайлуу шарттар жана туристтик борборлор үзгүлтүксүз иш алып баруусу зарыл.
  3. «Ыңгайлуу шаар» Ош шаарынын тургундары үчүн ыңгайсыздык жараткан көптөгөн көйгөйлөр бар. Алар: Таза суу; Жолдор; Тазалык; Шаардыктардын коопсуздугу, жогорудагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган эң оптималдуу моделдерин аныктап, министрлер кабинети жана шаар жетекчилеринин натыйжалуу чечимдерин ишке ашыруусуна көмөктөшүү;
  4. «Саламаттыкты сактоо» Саламаттык сактоо тармагында медициналык кызматтардын сапатын жакшыртууга акцент жасалышы зарыл.
  5. «Билим берүү жана жаштар» Мамлекеттик деңгээлде инновациялык билим берүү, критикалык ой жүгүртүү, кесип тандоого багытталган программаларды мектептерге, ЖОЖдорго киргизүү зарыл. Андан сырткары Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мугалимдер арасында стимул жаратуучу жана эл аралык тажрыйба алмашуу программаларын ишке киргизүү.
  6. «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды санариптештирүү» Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды пайдаланууда жарандар көптөгөн бюрократиялык кыйынчылыктарга дуушар болушат.Министрлер кабинети менен биргеликте бардык кызмат көрсөтүүлөр автоматташтырылып, электрондук кызмат көрсөтүүгө өтөт;

 

штаб дареги: Ош шаары, А.Жунусова көчөсү № 21

тел.: (0555) 007 – 501

Электрондук почта: iergeshov@bk.ru