
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:
- Жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды жана жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүү. Экономикадагы мамлекеттик жөнгө салууну кайра карап чыгуу: бардык ашыкча административдик тоскоолдуктарды алып салуу жана ишкердикти жөнгө салуучу жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү. Жеке ишкердин экономикалык укуктарын, инвестицияны жана жеке менчиктин кол тийбестигин коргоо;
- Бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу, ошондой эле жарандардын айрым категорияларына жөлөкпулдардын өлчөмүн көбөйтүү, майыптарга, багуучусунан ажыраган балдарга жардам көрсөтүү.
- Аймактык туризмди жана ага тиешелүү болгон инфраструктураны өнүктүрүү;
- Билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасынын сапатына жетишүү-талапкерлердин платформасында өзгөчө орунду ээлейт. Дистанттык билим берүү кепилденген жана каалаган жерден жана каалаган түзмөктөн жеткиликтүү. Аймактарда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү. Мугалимдерди жана дарыгерлерди даярдоонун сапаты: билимдүү, дени сак адам, күчтүү коом, дени сак экономика – күчтүү Кыргызстан! Эмгек кодексин кайра карап чыгуу жана аралыктан иштөөдө кызматкерлердин укуктарын коргоо;
- Жогорку жана атайын-орто билим берүү мекемелеринде окуу программаларын бирдиктүү мамлекеттик стандартка алып келүү;
- Мугалимдерди окуу куралдар менен камсыз кылууну мамлекеттик бюджеттен кароо;
- Өлкөбүздөгү кайрак жерлерге суу жеткирүү маселесин иликтөө жана тиешелүү структуралар менен иш жүзүнө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын чек аралаш районунда жана шаарларында кредит берүү саясатында үстөк пайызды кыскартуу маселесин демилгелөө;
- Кыргыз Республикасындагы ипотека базарынын моделин өзгөртүү;
- Ар кайсы мамлекеттик институттар тарабынан бирин-бири кайталоочу финансылык көзөмөлдөн арылуу.
штаб дареги: Ош шаары
тел.: (0772) 330933
Электрондук почта: Ema_2008@mail.ru