КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

 

  1. Натыйжалуу социалдык саясат - өлкөнүн бардык жарандарын зарыл керектөө стандарты менен, жаштар үчүн - калыптануу жана өнүктүрүү үчүн бирдей шарттарды түзүү. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны квалификациялуу билим алууга, татыктуу эмгек акы менен алгылыктуу жумуш табууга, жакшы адис болууга жана кааласа өз бизнесин түзүүгө мүмкүнчүлүк алышы керек. Кыргызстан өз жарандарынын жашоосу үчүн, ыңгайлуу өлкөгө айланышы керек;
  2. Мамлекеттик жогорку билим берүү системасын сактоо жана өнүктүрүү. Ишке орноштурууга, кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого көмөк көрсөтүүгө багытталган мыйзамдарды колдоо жана жаңылоо;
  3. Пенсионерлерге, ардагерлерге, майыптарга, көп балалуу үй-бүлөөлөргө ыңгайлуу жашоо. Ар бир адам келечеке жана ишенимге ээ болушу керек;
  4. Социалдык адилеттүүлүк коомунда, адамдардын жыргалчылыктын жогорку деңгээлине ак ниеттүү жол менен жетишүүгө умтулуусу кубатталуусу шарт. Кыргызстанда ачка, үй-жайсыз, жумушсуз калбашы керек;
  5. Потенциалдуу инвесторлордун арасында имиджин жогорулатуу, өлкөдөгү бизнести жана ишкердикти тездетүү жана алардын эркиндик деңгээлин жогорулатуу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу;
  6. Мамлекеттик ишканаларды, муниципалдык ишканаларды, ар кандай категориядагы компаниялардын акцияларынын мамлекеттик пакеттерин башкаруу боюнча негизги мыйзамдарды иштеп чыгуу жана көзөмөлдөө;
  7. Үй-бүлөөлүк салттарды бекем калыптандырууга көмөктөшүү, жаш үй-бүлөөлөргө турак-жай, билим, тарбия жана балдарды материалдык жактан камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн, социалдык жөлөк пулдарды жана төлөмдөрдү берүү аркылуу жардам берүү.

 

штаб дареги: Ош ш., К. Датка к., 209

Телефон: (0551) 146 – 666

Электрондук почта: nurbakyt@gmail.com