КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

«ЫЙМАНДУУ КООМ, БАКУБАТ КЫРГЫЗСТАН»

        Жыйырма жылдан бери өлкөбүздө бир нече жолу Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоолор болуп өттү. Бийликтеги саясий партиялар белгилүү деңгээлде жалпы элдин жана мамлекеттин көйгөйүн чечүүнүн аракетинде болушту. Убакыт өтүп, 2021-жылдын 28-ноябрында парламенттик шайлоолор өткөнү турат. Мезгилдин талабынан улам, саясий аренага жаны саясий партиялар, жаңы адамдар аттанганы турушат. Алардын бири бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Орозбаев Айбек Маматович.

        Айбек Орозбаев жогорку маалыматтуу юрист, көп жылдар жеке ишкердүүлүктү өнүктүрүү менен алек болду. Дүйнө жүзүн каптаган ковид-19 илдети тараган оор кырдаалда эл менен бирге болуп, аз камсыз болгон үй-булөлөргө жакындан жардам көрсөттү. Азыркы учурда санаториянын материалдык-техникалык базасын чыңдап, калктын ден-соолукту чыңдап эс алуусу үчүн мыкты шарттарды түзүүнүн аракетинде болууда.

        Айбек Маматовичтин алдына койгон максат-мүдөөсү бийик, аракеттүү. Оозунда сөзү, колунда иши бар. Анын негизги каалоосу: элге кызмат кылуу, өзү жашаган аймактын түйшөлткөн көйгөйлөрүн чечүү, шайлоочуларынын ишеничин аткаруу.

        Атанын эле уулу болбостон, элдин уулу болууну ниет кылууда. Башкы максаты, эртеңки келечек үчүн, мамлекет үчүн татыктуу иштеп берүү. Өзү карапайым калк арасынан чыккан, элди түйшөлткөн көйгөйлөр менен жакындан тааныш.

        Ал бул мезгилге чейин да жеке аракети менен элдин көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүнүн үстүндө иштеп келди. Эл өкүлү болуп, эл үчүн иштейм деп белсенип жаткан учуру. Эл үчүн иштөөнүн үлгүсүн көрсөтүп, бул багытта баштаган иш-аракеттерди арбытуу аркылуу келечегин кеңейтүүнү максат кылууда.