
Кылган иши менен тастыкталган талапкерге добуш бериңиз!
Жогорку Кеңеште мен көтөрүүчү маселелер:
- «Бир өлкө - бир салык» принцибин киргизүү. Бардык салыктарды алып салуу жана бизнес жүгүртүүгө бирдиктүү салыкты киргизүү;
- Мамлекеттик тендерге катышууну каалагандардын баарына бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу. Мамлекеттик тендерге катышуунун шарттары баарына түшүнүктүү жана ачык болушу зарыл;
- Ар бир кыргыз жараны үчүн сапаттуу медициналык жардамга жана билимге кепилдик.
- Азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин жок дегенде бир жарым эсеге жогорулатуу;
- Ар бир айылга, ар бир үйгө электр энергиясы, интернет жана таза суу жеткирүү!
- Ишкердикти анын мүлкүнө жана мыйзамдуу укуктарына кол салуунун ар кандай түрүнөн коргоо;
- Бизнести текшерүүнү кыскартуу;
- Чакан жана орто бизнестин каалаган түрүн ачуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин киргизүү;
- Аймактарды өнүктүрүүдө тең салмактуулукту сактоо (диспропорцияны азайтуу);
- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун жакынкы үч жыл ичинде курулушу;
- 2021-жылга чейин курулган жана дагы эле юридикалык статусу жок болгон бардык турак жайларды мыйзамдаштыруу;
- Чек ара маселелерин жергиликтүү калктын пикирин гана эске алуу менен чечүү;
- Биздин кендерди иштетүүгө келген инвесторлор үчүн "социалдык лицензия" механизмин киргизүү;
- Биздин сууга товардык статус берүү;
- Чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештерибизге алар Кыргызстандын жарандары менен бирдей деңгээлде экономикалык иштерди жүргүзө алышы үчүн атайын карталарды берүү;
- Республика боюнча жолдорду жана ирригациялык курулуштарды куруу.
штаб дареги: Кашкар-Кыштак а/о, Кашкар-Кыштак уч., Кара-Суу к. 32 тел.: (0559) 555505
Электрондук почта: kaimova.adelaida@mail.ru