КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын  «Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу» жөнүндөгү мыйзамынын ыйгарым укуктарынын негизинде Өлкөбүздүн жаркын келечеги жана элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылуу үчүн керектүү мыйзам долбоорлорун демилгелөөнү;
  2. Өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүп, элибизди жумуш орду менен камсыз кылуу максатында тышкы жана ички инвесторлорду ошол эле убакытта ишкерлерди мамлекеттик деӊгээлде колдоого алып, аларга ыӊгайлуу шарттарды түзүүчү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну;
  3. Айыл – чарбасын колдоо жана өнүктүрүү максатында, дыйкандарга, фермерлерге, товар өндүрүүчүлөргө жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетип чыгуучуларга жеӊилдетилген шартта насыя алуу жана  өлкөбүздөн чыккан айыл чарба жана өндүрүш товарларын ортомчулары жок дүӊүнөн сатууга мумкүнчүлүктөрдү түзүүнү;
  4. Өлкөбүздүн энергетика тармагын реформалап, тармактагы ири коррупциялык аракеттерди түп тамыры менен токтотуу, коррупцияга ылайыкталып майдаланган энергетикалык ишканаларды бириктирип, жаӊы талапка ылайык иш билги адистерди жумушка тартып, эффективдүү башкарууну киргизүүнү жана кичи энергетика өндүрүүчүлөрүн ар тараптуу колдоого алууну;
  5. Медициналык, социалдык, билим берүү, маданият, жергиликтүү мамлекеттик жана муниципиалдык мекеме ишканаларда эмгектенип жаткан жарандарыбыздын айлык маяналарын көтөрүү, аларды социалдык жактан камкордукка алуу, пенцияга чыкканда татыктуу пенция алууга шарттарды түзүү жана алардын коомдогу аброюн жогорулатууну, ошол эле убакта алардын социалдык гарантияларын олутуу көтөрүүнү;
  6. Үй-бүлөсүн багуу максатында чет өлкөлөрдө иштеп жаткан жарандарыбыздын укугун коргоону мамлекеттик деӊгээлде колго алууну;
  7. Элет жеринде жашап жаткан жарандарыбыздын социалдык жана экономикалык абалын жогорулатуу максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялары менен ошол эле учурда республикалык деӊгээлдеги министрлик жана ведомстволор менен тыгыз иш алып барып, алардан жаралган көйгөйлүү маселелерди тезинен чечүүнү талап кылууну.

 

штаб дареги: Кызыл-Сеңир айыл аймагы, Гузар айылы

тел.: (0557) 27 47 57

Электронная почта: uluk777@mail.ru