КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

Мен, Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич, көп жылдар бою мамлекеттик жана жеке структураларда ар кандай кызматтарда иштедим. Мен сунуштаган программа - бул биздин өлкөнүн жөнөкөй жарандары, бизнес өкүлдөрү жана уюмдар менен болгон ишимдин натыйжасы.

Менин негизги максатым - жарандарга кызмат кылган жана өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылган заманбап укуктук демократиялык социалдык мамлекетти куруу.

Мен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына аттанганымдын себеби бул жөнөкөй жарандардын кызыкчылыктарын колдоо, мыйзамдуулук, демократиялык жана социалдык мамлекет курууга багытталган мыйзамдарды кабыл алуу жана ага тоскоол болгон мыйзамдарды жокко чыгаруу.

МЕН КОЛДОЙМ:

- Заманбап мамлекетти жана жеке кол тийбестикти

- Жарандык укуктарды

- Демократияны

- Көз карандысыз сотту

- Толук кандуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну

- Профессионалдык армияны

- Эффективдүү тышкы саясатты

- Эффективдүү социалдык базар экономикасын

- Жеке менчикке кол тийбестикти

- Атаандаштыкты

- Чийки зат көз карандылыкты токтотууну

- Активдүү өнөр жай саясатты

- Заманбап транспорттук инфраструктураны түзүүнү

- Чакан жана орто бизнести реалдуу колдоону

- Заманбап айыл чарба өндүрүштү

- Эмгек укуктарынын кепилдиктерин

- Адамдык капиталга инвестициялоону

- Билим берүүнү өнүктүрүүнү

- Саламаттык сактоонун жеткиликтүүлүгүн жана сапатын

- Маданиятыбыздын өнүгүшүн

- Айлана -чөйрөнүн тазалыгын

Мен биздин жарандарга биздин өлкөнүн өнүгүү жолу менен кетишин камсыздай турган ушул программаны сунуштайм. Жарандарынын жыргалчылыгынын эң жогорку деңгээлине жеткен бардык өлкөлөр ушул жолду карманышууда жана улантышууда.

Бул тандоону бүгүн сиздер жасашыңыздар керек, урматтуу шайлоочулар!

Анткени, өлкөбүздүн келечеги ар бирибизден көз каранды!

Штабдын дареги: Ош облусу, Кара-Суу району, Отуз-Адыр айылы, Ажибеков атындагы көчөсү 2;
Телефон: (0551) 100-001

Электрондук почтасы: aitmamatkadyrbaev@gmail.com