КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНЕ ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

1) Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн 100%га камсыз кылуу: участкалык дарыгердин жана адистештирилген адистин кабыл алуусундагы кезек күтүүнү жоюу, рецепттерди алууну ыңгайлуу кылуу, ооругандыгы тууралуу китепчени каттоону жөнөкөйлөштүрүү. Аз камсыз болгон жарандарды, социалдык жактан аялуу топторду жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо, ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык кызматтар менен камтууну кеңейтүү.

2) Мектепке чейинки бардык уюмдарда өнүгүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. 2 жаштан 7 жашка чейинки балдары бар бардык муктаж үй-бүлөлөрдү мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан орундар менен камсыз кылуу. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо. Мугалимдерди маанисиз бюрократиялык отчеттуулуктан сактоо. Мектептин ишмердүүлүгүн максатсыз текшерүүлөрүн кыскартып, иш жүзүндө билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоого кызмат кылгандарды гана калтыруу.

3) Айыл-чарба жерлеринин (айдоо жерлер, жайыттар, айдалбаган жерлер ж.б.) пайдаланылышына натыйжалуу контролдоону камсыз кылуу. Жерди айыл-чарба багытындагы пайдаланууга кайтарып берүү, ошондой эле жердин асылдуулугун сактоо жоопкерчилигин күчөтүү керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу жогорулатылсын: айылдык калктуу конуштардын өз аймактарын өнүктүрүү пландарын кабыл алууга катышуу практикасын киргизүү. Жер участокторун берүүнүн жол-жоболорун мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүү, жолдорду жана инженердик коммуникацияларды кошууну камсыз кылуу максатында айыл жеринде жеке турак-жай курулушун колдоо программасын ишке ашыруу.

4) Жөө адамдардын коопсуз жүрүшү үчүн жана жол кырсыктарын азайтуу максатында, Өзгөн-Ош жолун кеңейтүү. Авто унаа жолдорун курууга, ремонттоого жана реконструкциялоого бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышына коомдук көзөмөлдү күчөтүү.