КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

1.Таза жана ак ниеттүү кызматкерлерди колдоо жана кызматтык жактан илгерилетүү боюнча чаралардын комплексин кабыл алуу.

2.Ченемдик укуктук актыларды антикоррупциялык жактан сөзсүз экспертиза жүргүзүү.

3.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, айыл өкмөттөрду жоюуп функцияларынан ажыратып, муниципалдык мекемелерге айландыруу, ыйгарым укуктарын райондук  мамлекеттик администрацияларга  берүү, Райондук бюджет,райондук кеңешти уюштуруу менен райондун административдик аймагындагы көйгөйлөр бирдей чечилет.

4.Айыл өкмөттөрдун каармагындагы мамлекеттик улуттук фонддун жерлерин Айыл-чарба министирлигине өткөрүп берүү менен жер сатуу коррупциясына бөгөт коюулат.

 5.Мамлекеттик жана мунуципалдык мекемелерде пайдасыз 1000 ден ашык кызматтык авто унааларды кыскартуу,жылында  жарым миллард сомго жакын акча каражатын үнөмдөп,аны коргонуу,коопсуздук,социалдык тармактарга жумшоо.

 6. Кыргызстанда күнүнө 1 миллион  пачкага жакын сигарет сатылат,1 пачка сигарет орточо 100 сомдон,ошондо бир күндө 100 миллион сомдук сигарет сатылып жатат, акчалардын  сыртка чыгып мамлекетке милларддаган сом зыян. Ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында Жаңы-Арыктагы, Кызыл-Кыядагы тамекини ферматация кылган заводдорду  ишке салып,Бишкектеги сигарет фабиркасын ишке салып, миңдеген жумушчу орундар,миллардаган сомдор бюджетке түшүрөт.

7. Облусттук соттордун курамын бир жерде туруктуу эмес, ар облуста  3 айдан, 6- айга чейин командировичный кылып иштетсек, коррупция, адилетсиз өкүм,чечимдер кабыл алуу төмөндөйт.

8. Криминалдык  топтордун  бир туугандарын, аялын, кызын, баласын, келинин,өкүл балдарын да мамлекеттик, муниципиалдык, укук коргоо органдарына, жергиликтүү жана Жогорку Кеңешке талапкер болуусуна да бөгөт койгон мыйзамдарды кабыл алуу.

9. Кемпир-Абад суу сактагычынын СССР убагындагы  келишимдер аткарылбаса,  Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы  Кыргызстандын 5 миң гектардан  ашык жерине ар бир гектары үчүн дүйнөлүк баа менен ар жылы аренда акы берүүгө  эки тараптуу келишимге жетишүү.

 

Штаб дареги: Өзгөн шаары, Манас көчөсү 62   болжол Өзгөн –Ордо соода комплексинин  2 кабаты

Тел,ватсаб: + 7909 22-52-99, 0779-330-011 Э/п :kiyazovich@mail/ru