КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

 

  1. Кыргызстанды улуу мамлекетке айландыра турган идеология ойлоп табуу зарыл. Уйкунун доору бүттү, ойгонуу керек!
  2. Кыргызстанды өнүктүрүүнүн комплекстүү стратегиялык планын иштеп чыгып, аны жүзөгө ашырууга бардык мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандык коомду, бардык жигердүү кыргызстандыктарды тартуу зарыл;
  3. Бийликке элдин ишенимин жаратуу - өз жумушун жакшы билген кесипкөй, пешенесинен тер төгүлгөн эмгекчил жана мамлекет дегенде ичкен ашын жерге койгон патриотторду бийлик бутактарына (аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот) алып келүү аркылуу. Коом – өнүгүү ишенимине ээ болушу керек;
  4. Ынтымак, бир муштумга түйүлгөн Кыргызстанды куруу! Регионалдык, этностор жана диндер аралык бөлүнүүчүлүккө, араздашууга жол койбоо, алдын алуу чараларын көрүү. “Кыргызстан жараны” түшүнүгүн жайылтуу. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн, өлкөнүн улуттук коопсуздугун сактоо жана чыңдоо;
  5. Мамлекеттик чек аралардын коопсуздугун камсыз кылуу. Кошуна өлкөлөр менен чек араларды аныктоо ишин бүтүрүү. Армияны белгилүү бир деңгээлге чейин адистештирүү, аймактык коргонуу күчтөрүн бекемдөө, аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн турак-жай көйгөйүн чечүү.
  6. Кыргызстандын тышкы саясатындагы приоритет - чет өлкөлөрдө миллиондоп жүргөн эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болууга тийиш;
  7. Кыргызстан суулардын, дарыялардын мекени – кичи ГЭСтерди курууну колго алуу. Кыргызстан келечекте электр энергиясын ири экспорттоочу жана ошону менен бирге “мезгилдүү өчүрүүлөр” түшүнүгүн унутууга тийишпиз;
  8. Айыл округдарды, райондорду дотациядан чыгарып, өз аймагында каржылоого жөндөмдүү абалга жеткирүү. Айыл чарба өндүрүшүн техникалык жана технологиялык жактан жаңыртуу; кайрак жерлерди суулуу  жерлерге айландыруу; мамлекеттик жайыттарды колдонууда экономикалык кайтарымдуулугун, алардын бузулуусун (деградациясын) болтурбоо; тоют, сүттү кайра иштетүү, этти кайра иштетүү өндүрүшү, продукцияны консервациялоо; Айыл өкмөттөрдүн алдында мал жана балык чарбаларын, канаттуулар фермаларын уюштуруу. Ветеринарларды көбөйтүү. Чабандарга кам көрүү, жайлоолорго чакан үйлөрдү салуу;
  9. Айыл жерлеринде жыл сайын автожолдорго асфальтобетон төшөө ишин улантуу;
  10. Кыргызстанда (анын ичинде Кара-Кулжа, Алай, Чоң-Алай райондорунда) туризмди өнүктүрүү;
  11. Бүгүнкү күндө көпчүлүк айылдарда бала бакча жок болгондуктан бала бакчага баруу жаш курагына жеткендердин басымдуу бөлүгү мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылып жатат. Ошондуктан заманбап балдар бакчаларын куруу жана эскилиги жеткендерди капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштерин чечүү кажет.
  12. Мектептердеги билим берүүнүн мазмунун замандын талабына ылайык жана келечекте дүйнөнүн өнүгүүсүн эске алуу менен окуу планына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруудагы формалдуулуктарды жоюу керек. Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Алай райондорунун борборлоруна эмгек мигранттарынын балдары үчүн жатак мектептерди куруу заман талабына айланды;
  13. Эгер депутат болсом округдагы ар бир адам мени менен байланыша алат, ал үчүн телефондогу вотсап номерим элге ачык берилип, шайлоочулар суроолорун, сунуштарын жазып же сүйлөп калтырса болот. Күнүгө эрте менен жумушту шайлоочулардан келген кат-кабарларды окуу менен баштайм, албетте, буйруса.

                                                                                                                              

Штаб дареги: виртуалдуу штаб                                                                                                                     

 ТЕЛ.: (0773) 936 – 222                                                                                                                        

Электрондук почта: bojbei@mail.ru