КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

 

Тазалык менен мыйзамды сактоо

        Өлкөбүздөгү адилетүүлүктү, ачыктыкты, тазалыкты орнотуп, элдин бийликке болгон ишенимин арттырып, Кадыр аке, Мойт аке, Садыр аке, Ж.Абдрахманов, Т.Айтматов, Т.Кулатов, И.Раззаков, Т.Усубалиев, А.Масалиев, Н.Исанов сыяктуу таза иштеген инсандардын өрнөгүндө жаштарды тарбиялоо аркылуу мыйзамды сактоо, сыйлоо жана мыйзамдын аткарылышын пайдалануу, аны колдонуу маданиятын калыптандыруу, эмгек тартибин жана аны аткаруу жоопкерчилигин жогорулатуу.

Элди жумуш менен камсыздоо жана жаштарды колдоо

       Жаштардын терең билим алууга, көп тил билүүгө болгон кызыгууларын, чыгармачыл изденүүлөрүн колдоо жана чакан ишканаларды куруу, элди жумуш менен камсыздоо, өлкөнүн экономикасынын күч-кубатын жогорулатуу менен жаштар арасында сергек жашоо образын калыптандырып, маданиятка, спортко болгон кызыгууларын колдоп, аймакта мыкты спорттук аянтчаларды, стадиондорду, маданият сарайларын куруп, жардам берүү үчүн ички жана сырткы демөөрчүлөрдү чакыруу.

Экология

      Жаратылышыбызды сактоо жана экологиялык таза өнүмдөрдү өндүрүү, ага артыкчылык берүү, өлкөдө өндүрүлгөн таза өнүмдөрдү экспортко чыгарууга жардам берүү менен өнүмдөрдү өндүрүүчү фермерлерге, ишкерлерге ар тараптан каржы булактарын таап, колдоо көрсөтүү.

Энергияны өндүрүү

       Өлкөдө таза энергияны колдонууга жетишүү менен шамалдын, күндүн энергиясын колдонууга умтулуу, чакан ГЭСтерди аймактарда курууну колдоо, көмүрдү колдонууну азайтуу менен жашыл, таза жаратылышыбыздын кол тийбестигине жетишүү.

Эл достугу

Өлкөбүздө жашаган көп этнос өкүлдөрүнүн тилин,  маданиятын туткан динин сыйлоо жана сактоо менен дилинде “Мен Кыргызстандык экендигиме” сыймыктанам деген сезимдерин жаратып, кыргыз жерин, элин, маданиятын, тарыхын, тилин, жашоо образын бүт дүйнөгө таанытуу.