КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

 

 ЖАШООДОГУ ТАЗАЛЫК

“Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” (И.Раззаков). Мындай болуш кыйын, бирок ар бир инсан (кызматкер) ушуга жетүүгө аракет кылыш керек.

МАЙТАРЫЛГЫС МЫЙЗАМДУУЛУК.

 Кодекстерде жана мыйзамдарда кабыл алынган юридикалык чен өлчөмдөрдү жашоонун бардык чөйрөлөрү н дө кыйшаюусуз жетекчиликке алуу. Сот органдарындагы адилеттүүлүк — элдин ынтымагын , мамлекетке болгон ишенимин чыңайт.

ТЕМИРДЕЙ ТАРТИП.

Коомдогу кабыл алынган эрежелерди, нормаларды жана талаптарды каттуу сактоо.

САРАМЖАЛДУУЛУК ЖАНА ТЫКАНДЫК

Жашоого, окууга, убакытка, той-топурга, отуруштарга ж.б. иш чараларга эбегейсиз ашыкча чыгымдарды, артыкбаш убакыттарды кыскартуу.

МЕКЕНЧИЛДИК, СЕРГЕК ЖАШОО ОБРАЗЫ.

 Өлкөнүн бардык жарандарында мекенди сүйүү сезимин жаратуу жана сергек жашоо образын калыптандыруу.

КҮЖҮРМӨН ЭМГЕКЧИЛДИК.

 Чалыкпас эмгекчилдикке шык берүү. Прогрессивдүү демилгелерди колдоо. Жаратмандык. Түзүүчүчүлүк.

БУЗУЛГУС ЫНТЫМАКТУУЛУК.

 Мекенибиздеги  улутт ардын, коомдук катмарлардын, ар кыл регион өкүлдөрүнүн, түрдүү жамааттардын ортосундагы достукту, өз ара түшүнүктүүлүктү  жана өз ара жардамдашууну күчөтүү.