
№13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Икрамов Тазабек Икрамовичтин шайлоо программасы.
- ЖАЛАЛ-АБАД – ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК АЙМАК
- Чет элдик инвестицияларды тартуу, сапаттуу экспорттук продукцияларды өндүрүү жана жумушчу орундарын ачуу максатында Жалал-Абад облусунда Эркин Экономикалык Аймакты (ЭАА) түзүү;
- КАЛКТЫ ТАЗА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДОО
- Калкты үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча Жалал-Абад облусунун айыл-кыштактарындагы таза суу долбоорун толугу менен мамлекетке милдеттендирүү;
- ЖЕМКОРЛОРГО ЧЕКТӨӨ
- Мамлекеттин казынасын тоноп, элдин ырыскысын уурдаган коррупционерлер, алардын балдары шайлоого катышпасын жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда ишке кабыл алууга чектөө киргизүү;
- КӨК-АРТ ДАРЫЯСЫНА – ЧАКАН ГЭС
- Суу ресурстарыбызды максаттуу пайдалануу жана элди жеткиликтүү баадагы электр-энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн Көк-Арт дарыясына чакан ГЭС куруу;
- ЭКОНОМИКАЛЫК АМНИСТИЯ
- Бюджеттин таңкысытыгын толтуруу жана тышкы карыздын көлөмүн кыскартуу максатында өлкөдө экономикалык амнистия жарыялоо;
- ИШКЕРЛЕРГЕ СТИМУЛ
- Аймактарда чакан өндүрүш ишканаларын ачып, жумуш орундарын түзүү үчүн ишкерлерлерге мамлекет тарабынан үстөксүз насыяларды берүү;
- КАРЫЛАРГА КАМКОРДУК
Ата-энесин таштап кеткен жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана карыларга болгон сый-урматты күчөтүү