ЖК депутатына талапкер С.Ж.Артыкбаевдин өздүк программасы:

«Мыйзамдуулукту сактоо, анын так аткарылышы жана базар экономикасынын шартында экономиканы көтөрүү»

 

  1. Мыйзамдар эл үчүн так,таамай жазылыш керек жана ал элге кызмат кылышы шарт.(Топтун кызыкчылыгына эмес) Ички жана тышкы инвесторлор, ишкерлер үчүн жоболор, нормалар жагымдуу шарттарды, жоопкерчиликти мыйзамдаштыруу.(иш орду көбөйөт)
  2. Айыл, суу чарба жана энергетиканы, жайыт маселесин тез арада жөнгө салуу, Экологиялык таза бренд менен башка өлкөлөргө продукцияны сатуу ыкмасын окутуу жана ишке ашыруу (Бренд - Табигый таза продукция). Кооперацияны жайылтуу. Класстердик метод менен иштөө. Мамлекет менеджер болуш керек. Посолдор ушул жаатта иш алып баруусу зарыл.
  3. Курулуучу обектилердин пландуу программасын түзүп ишке киргизүү. (Он жылдап башталган курулуштар бүтбөй турат) Өндөрүшкө кредиттерди көбөйтүү. кичи өндүруштөрдү,кичи ГЭС терди курууга шарт түзүү.(жерин бөлуп берүүдө,өндүрүүдө, сатууда)
  4. 4. Экологиябызды көздүн карегиндей сактоо.Тоо-кен тармагын көзөмөлгө алуу. Кичи шаар, айыл аймактарда саркындыны, калдыктарды чогултуучу ишканаларды жаны заманбап кайра иштеп чыгуучу курулмаларды куруу.(Сузак айылында “Очистное” сооружение иштебейт).Айыл өкмөттөрдүн аймагында калдыктарды чогултуучу жайларды түзүү.
  5. 5. Ипотекалык системаны өркүндөтүү жеке инвесторлорду тартуу, шарт түзүү, пайызын 4% ашырбоо,мөөнөтүн узартуу (Муктаждар үчүн жеткиликтүү болуусу зарыл)

6.Билим жана кадр саясаты:Мамлекеттик жумушка орношууда бөгөт коючу так шарттарды түзүү.Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга мамлекеттик колдоону жакшыртуу жана жумуш берүү менен үй шарттарын колдоо.Билим берүүнү жакшыртуу.Медицина тармагын тез-арада азыркы шартка жараша реформалоо. Коомубузду,жаштарыбызды толеранттуулукка чакыруу, үлгү болуу, бир бирине болгон сый-мамилени жайылтуу.(Мамлекеттик телеканадар арылуу) Кыргызстан элине терс көрүнүштөрдү жайылтууга бөгөт кою. (интернет, социалдык тармактарда ж.б маалымат булактарда).Жалпы спорттуулукту пропагандалоо. Айлык майаналарды көтөрүү.

7. Миграция маселеси (Мигранттарга билимине, проффециясына жөндөмүнө жараша жумуш ордун Кыргызстанда туруп орноштуруучу программаларды ишке ашыруу)