Камбаров Абдиллабек Ракманович

Мен, Камбаров Абдиллабек Ракманович, 1962-жылдын 15-апрелинде Сузак районунун Кашка-Терек айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулганмын.

          1969-жылы Кашка-Терек айылындагы Ф.Энгельс атындагы орто мектебинин 1-классына барып, ушул эле мектепти 1979-жылы ийгиликтүү бүтүргөнмүн. 1979-жылы Бишкектеги (Фрунзедеги) политехникалык институтунун автомобиль транспортун эксплуатациялоо адистигинин 1-курсуна кабыл алынганмын. 1981-1983-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөдүм. 1987-жылы аты аталган окуу жайдын автомобиль транспортун эксплуатациялоонун инженери деген адистигине ээ болдум.

          1987-1992-жылдары Оштогу жүк ташуучу автостанциясынын Жалал-Абаддагы бөлүмүндө диспетчер болуп иштедим.

          1993-1997-жылдары Жалал-Абад шаардык мамлекеттик администрациясында референт, 1997-1998-жылдары Жалал-Абад шаардык мамлекеттик администрациясынын алдындагы санитардык-экологиялык милициясынын начальниги болуп иштедим.

          1998-жылы Кыргыз Республикасынын жол жана автомобил министрлигинин Жалал-Абад шаардык транспорттук инспекциясынын начальниги, 1999-жылдан 2002-жылга чейин ушул эле министрликтин Жалал-Абад областтык автотраспортторду лицензиялоо башкармалыгынын башкы адиси болуп иштедим.

          2002-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы лоторея оюндарын ойнотуу боюнча Түштүк аймактык Дирекциясынын башкы директорунун орун басары болуп иштедим.

          2005-жылдан бери Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын социалдык-маданий өнүгүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2008-жылдан социалдык коргоо жана саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2012-жылдан ушул убакка чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеп келе жатам.

          Колуктум, Жалал-Абад шаарында мугалим болуп иштейт, үч уул, бир кызым, сегиз неберем бар.