КР жогорку кеҢешИНИН депутатЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПрограммаСЫ:

  1. Мамлекеттин келечеги – жаштар. Жаңы жумуш орундарын ачуу менен ички жана сырткы миграцияга бѳгѳт коюу, атайын орто билим берүүнү күчѳтүү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү!
  2. Билим берүү өлкөнүн өнүгүүсүнүн өзөктүү тармагы.  Ѳлкѳнүн келечеги – билимдүү жаштар! Билим деңгээлин жогорулатуу, мектеп, бала бакчалардын санын кѳбѳйтүү, материалдык техникалык базасын чыңдоо менен бирге улуттук идеологияны күчѳтүү!
  3. Спорт жана маданият – калкыбыздын саламаттыгынын ачкычы. Кыргыз Республикасын дүйнѳлүк масштабка таанытуунун жолу – бул спортсмендерибизди эл аралык мелдештерге чыгаруу, дем берүү, колдоо жана ѳсүп келе жаткан муунду спортко үндѳѳ!
  4. Дени сак эне, дени сак бала – дени сак өлкө. Ѳлкѳдѳ саламаттыкты сактоонун сапатын жогорулатуу, дарыланууну жеткиликтүү кылуу, дарыгерлердин айлык акы тѳлѳѳ системасын кайрадан карап чыгуу менен кесипкѳй дарыгерлерди мамлекеттик медициналык мекемелерге тартуу.
  5. Тартип жана жоопкерчилик – мамлекеттин пайдубалы. Кылмыштын кесепетин жоуюга эмес, алдын алууга умтулуу! Ал үчүн үй бүлѳ институтун күчѳтүү, окуу жайларда, коомдо адепдүүлүктү пропагандалоо, жаштарды жат кѳрүнүштѳрдѳн сактоо үчүн бош убактыларын туура багытка буруу.
  6. Экологиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу. Жалал-Абад шаарында таштандыны кайра иштетүүчү завод ачуу, жер кыртышын химиялык заттардан, желимден сактоо. Кичи ГЭСтерди куруу менен суу ресурстарын сарамжалдуу жана эффективдүү пайдалануу, арзан электр тогун иштеп чыгуу, дыйкандарды сугат мезгилинде үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоого жол берет.

Санарип келечекке сапар.  Аймагыбыздын ири калктуу пункттарында калкты тейлөө пункттарын ачуу, чакан калктуу пунктарда алардын өкүлчүлүгүн ачуу аркылуу көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтарды алууну жеңилдетүү, бюрократиялык бут тосууларга бөгөт коюу.