ПрограммаСЫ:

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БАГЫТЫНДА:

 

Укук тармагында окумуштуу адис-юрист катары терең билимди, бай тажырыйбаны колдонуу менен, мамлекет менен элдин байланышын чыңдоо, өлкөнүн экономикасын, элдин жашоо деңгээлин жакшыртууга, ошондой ишкерлерди, карапайым калкты укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттеринен коргоо, айыл аймактарына инвестицияларды тартуу менен айыл-кыштактардын инфратүзүмдөрүн жакшыртууга, экосистеманы коргоо, жакырдыкты азайтууга, жемкорлукту жоготууга багытталган мыйзамдарды иштеп чыгууга активдүү катышуу;

БАЗАР-КОРГОН ШАЙЛОО ОКРУГУ БОЮНЧА:

  1. Базар-Коргон району жана Тогуз-Торо райондорундагы бардык айыл-кыштактардын социалдык-экономикалык, медицина, билим берүү, адеп-ахлак, маданият, спорт, экология, жумузсуздук ж.б тармактарындагы көйгөйлөр менен маселелерин терең изилдеп чыгып мамлекеттик деңгээлде көтөрүп, чечүү жагын тийиштүү мамлекеттик органдардан талап кылуу;

 “Депутат – шайлоочу” бирдиктүү реестрин түзүп,  ар бир шайлоочуга,  анын үй-бүлөсү, жашоо шарты, көйгөйлөрү (жетишкендиги, ийгилиги) жөнүндө кабардар болуп, ар бир жергиликтүү тургун менен тыгыз байланыш түзүүгө жетишүү, анын көйгөйлөрүн мыйзамдуу жолдор менен чечүүгө көмөк көрсөтүү