Программанын кыскача сыпаттамасы

I Өкүлчүлүк блок

Аксы районунун  жашоочуларынын жашоо шартын жогорулатуу

Айыл жергесинин жашоо шарттарын толук кандуу шаардын шарттарына жакындатуу максаты:

  • Билим берүүнүн жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу.
  • Ичүүчү таза суу жана суу жабдуулары менен камсыз кылуу.
  • Автожолдорду асфальт-бетон менен төшөөнүн узактыгын көбөйтүү.
  • Кербен аэропортун толук кандуу ишке киргизуу.
  • Таш Комур – Кербен жолун эл аралык стандартка туура келе турган жол кылып куруу.
  • Аксы районунун туризмдик потенциалын туура колдонуп, Аксыны туристик регионго айландыруу.
  • Кербен шаарына стадион куруу керек.
  • Ар бир айыл окмотко спорт зал, бокс жана курош залдарын куруп. Чемпиондорду тарбиялап остуруубуз керек.
  • Улуттук оюндарды онуктуруу керек, кок-боруго озгочо конул буруп, шарт тузуу керек.

Бул максатты ишке ашыруу үчүн тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен социалдык объекттердин курулушун кеңейтүү керек. Ошондой эле эл аралык уюмдардын, кайрымдуулук фонддорунун финансылык каражаттарын тартуу зарыл.

Аксы районунун экономикалык потенциалын чыңдоо

Региондун табигый-климаттык шарттары мал багуу жана дыйканчылык үчүн жагымдуу болуп саналат. Артыкчылыктуу тармактар боюнча өндүрүлгөн азыктардын көлөмдөрүнүн катышын талдоодо Аксы районунун экономикасын түзүүчү тармак болуп саналгандыгы учун малды асыл-тукум эт жана сут багытындагы малдарды кобойтуу. Дыйканчылыкта Россияга, Казахстанга, Европа олколоруно жана Кытайга экспорттого боло турган момо-жемиштерди остуруубуз керек. Ошондой эле ошол осумдукторду кургатуучу заводтторду курууга жана жабдыктарды сатып алуу арзан кредиттерди беруу керек.

Бул максатты ишке ашыруу үчүн суугат жерлеринин аянтын көбөйтүү үчүн жаңы суу сактагычтарды, каналдарды жана суугат тармактарына мамлекеттик, ошондой эле ири фермердик чарбалардын курулушу аркылуу жеке инвестицияларды тартуу зарыл. Андан тышкары, асыл-тукум малдардын санын көбөйтүү жана сатуу рыногун кеңейтүү зарыл.

 

II  Мыйзам чыгаруучу блок

Кыргыз Республикасын чыңдоого жана өнүктүрүүгө шарт түзүүчү жана реформаларды жүргүзүүгө өбөлгө түзүүчү ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу максаты.

III Көзөмөлдүк блок

Республиканы жана Жалалалад областын, анын ичинде Аксы районун  өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын ишине көзөмөл, атап айтканда долбоорлорду жеринде өз убагында каржылоого көзөмөл жүргүзүү.

Эл аралык кызматташтык

Ѳнүкѳн мамлекеттер менен болгон эки тараптуу кызматташтыктын алкагында эки ѳлкѳнүн региондору жана шаарларынын муниципалиттери ортосундагы экономикалык, илимий-техникалык, маданий, соода жана башка кызматташтыкка ѳзгѳчѳ кѳнүл буруу керек.

Ушундан улам Кыргыз Республикасынын Аксы районун борбору болгон Кербен шаарынын, жакынкы КМШ олколорунун шаарлары менен достук мамилелерин тузуу керек. Мындан тышкары Кербен шаары менен Туркия, Корея мамлекетинин шаарлары менен боордош шаарлар деген устундо иштоо керек.

Сиздерди урматтоо менен Эргешов Алмазбек!