ПРОГРАММА

 

  1. Жалпы Кыргыз Республикасына жарандарынын жашоосун жеңилдетүү, социалдык маселелерин чечүү жана укуктук жактан толук камсыз болууга тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыгуу.
  2. Парламентти эки палаталуу кылуу 1-2 чакырылыштагыдай бир гана можаритардык система менен. Пропорционалдык системаны толугу менен жоюу.

 Мыйзам чыгаруу жана эл ѳкүлдѳр жыйыны.

Мыйзам чыгаруу калктын санына  ар бир райондон бирден болуп жалпысынан азыркыдай 36 депутат. Буларга мамлекет тарабынан айлык, батир,машина каралат. Булар  негизинен билимдүү  юристер, эрктүү, тажрыйбалуулар депутат болушуп чет ѳлкѳнүн мыйзамын кѳчүрбѳстѳн, ѳзүлѳрү биздин элдин менталитетине жараша мыйзамдарды иштеп чыгып кабыл алуусу керек. Эл ѳкүлдѳрү 100 депутат (андан да кѳп) беш жылга шайланат  булар эч кандай мамлекеттен бир тыйын маяна  алышпайт бекер 5 жыл эл ѳкүлдѳрү болуп иштеп беришет. Мына ушулардын катарында бизнесмен, спортсмен, базарком, билимдүү билимсиз айрымасы жок эл шайласа болду. Эки палатага тең талапкерлерди жашаган жеринен тандоо.Ошондо карапайым элдин арасынан депутаттар барат.Үгүт иштеринин жүрүшүндѳ ишенимдүү ѳкүл дегенди алып салып бир гана дебат жолу менен. Бул талапкердин элдин убактысын үнѳмдѳйт ошондой эле добуш сатып алууну токтотот.Шайлоо участкалардын баарын видео байкоого алуу.

Министрлер кабинетин жоюу (мурдагы премьер министрдин аты эле ѳзгѳрдү). Аткаруу бийлигин толук президентке ѳткѳрүп берүү.

  1. Чиновниктердин жогорудан баштап райондорго чейин балдары жеке мектептерге окубай, мамлекеттик мектептерге окуп, ошондой эле карапайым калк барган ооруканаларда тейлениши жѳнүндѳ мыйзам долбоорун жазуу. Ошондо мамлекеттик мектеп, ооруканалардын деңгээлин кѳтѳрүүгѳ аракет жасалат жана соцалдык теңсиздик азаят.

Жогорку Кеңештин депутатарынын айлык маянасын врач менен мугалимдердикине теңѳѳ. Ошону менен бирге мугалимдерден сапаттуу Билим талабын, дарыгерлерден дарылоонун сапатын жакшырта турган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу.

  1. Билим талабын, дарыгерлерден дарылоонун сапатын жакшырта турган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу. Айрыкча медициналык тармактагы адистерди контрактык негизде окуутууга тыюу салуу. Бюджеттик негизде гана окутуп чыгаруу, анан багыт менен бардык аймакка тегиз бѳлүү.Ошондо алыскы аймактар да кесипкой дарыгерлер менен камсыз болот. Орто мектептердеги демѳѳрчүлѳр боюнча конкреттүү мыйзам иштеп чыгуу.Тактап айтканда демѳѳрчүлѳр ѳзүнүн балдары окуган мектепке демѳѳрчүлүк кыла албайт. Себеби демѳѳрчүнүн балдарынын жанында башка балдар психологиялык зомбулукка кабылышат.
  2. Аксы районунун аймагын эко туристик аймакка айландыруу. Бул учун атайын мыйзам кабыл алып, социалдык сеттерде жарыя (реклама) кылып чет ѳлкѳдѳн келген туристердин санын кѳбѳйтүп табиятыбызды максаттуу пайдалануу менен бирге калктын жашоосун жакшыртууга салым кошуу. Чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү жана бизнестеги атаандаштыкты күчѳтүү. Негизи биздин карапайым калктын жашоосунун жакшырышына чакан жана орто бизнестин орду эбегейсиз. Аларга шарт түзүп берүүнүн бирден бир жолу бюрократия жана калыстык талап кылынат. Маселен ачуу кыйын. Кѳп кереги бар же жок кагаздарды талап кылып, тынбай текшерүү ошондой эле кѳпчүлүк учурда мамлекеттен арзандатылган шыктандыруучу  кредиттер түз жетпейт. Бизнес ѳкүлдѳрүнѳ коопсуздук жагын чечип берүү. Кайсыл райондон кен байлык чыкса, ошол жердеги калкка социалдык пакеттин кѳбѳйтүү, маселен Тегенеден чыккан кѳмүр Аксы аймагындагы кожолуктардын ар-бирине жетишерлик кѳлѳмдѳ арзан баада берилиши керек. Алар айыл ѳкмѳткѳ табыштама (заявка) беришет анан ар бир үй-бүлѳ барып арзан баада алып келишет.(талон сыяктуу)Алып сатарлык болуп кетпеши үчүн.
  3. Аксыдан башталып жѳнѳкѳй , карапайым элдердин таманы менен эгемендүү кыргызстандагы алгачкы 24-марттагы ыңкылапка чыныгы ѳзүнүн баасын статусун бердирүү.24-март Кыргызстанда расмий макам алуусу керек. Аксыдан башталып жѳнѳкѳй , карапайым элдердин таманы менен эгемендүү кыргызстандагы алгачкы 24-марттагы ыңкылапка чыныгы ѳзүнүн баасын статусун бердирүү.24-март Кыргызстанда расмий макам алуусу керек.
  4. Карапайым элге мамлекеттен негизинен тѳрт эле нерсе керек. (анын жеке укугу корголушу, татыктуу бекер билим алуусу, татыктуу бекер медицина жактан тейлениши, анан азыркы ааламдашуу мезгилинде татыктуу жол менен камсыз кылып ѳндүргѳн товарларын ортомчуларга жедирбей сатып сатып соода кылуусуна шарт түзүп берүү).Ушунун баары менен мамлекет камсыз кылууга милдеттүү. Калганын эл ѳзү жасап турмуш кечирип келе жатат. Карапайым калк бүгүнкү күндѳ оорууканага барса койканын баасы бар, садикке барса шапка, бей бечаранын укугу милиция соттордо тебеленип үйүн жерин тартырып жибергени канча? Акыркы катагориядагы жолдордо жүрѳбүз. Мен юрист катары ар-бир жаранга кѳңүл болуп айрыкча ѳзүмдүн округумдагы жарандардын арыздарына коңүл бѳлүп укугун мүмкүн болушунча коргоп берүүгѳ милдеттеме аламын. Карапайым элди эзип терисин тилген ооруканадагы милиция, соттогу деги эле мамлекттик органдардагы карапайым элге болгон системдүү жемкорлук,бюрократизм менен мыйзам чегинде күрѳшѳмүн. Ал нерсе колумдан келет билимим эрким жетет. Ал эми Шамалды Сай - Майлы Сай - Кербен жолунун тамтыгы чыгып бүттү. Анын үстүнѳ биздин районго бир тыйын пайдасы жок Ала-Бука, Чаткалдагы алтын казган фирмалардын оор техникалары жетер жерине жеткиришти.Ушул жолду жана райондун ичиндеги маанилүү жолдорду жакынкы арадагы бюджетке киргизип оңдоо иштерин жасоо. Алтын кендерди иштеткен фирмалардан эсебинен компенсация же жардам катары  жолдорду оңдоого комок кѳрсѳтүү жагын караштыруу.
  5. Эң орчундуу ѳлкѳдогү маселе бул миграция. Калыктын кожолуктун дээрлик 80% уй-бүлѳдѳ жок дегенде бир эмгек мигранты бар.Негизинен алар 20 жаштан 50 жашка чейинкилер. Бүгүнкү күндѳ калктын негизги каражат булагы мигранттарга байланыштуу болуп калган. Алар кыргызстандын карапайым калкын багып жатыгат. Эми алар мекенине кайрылып келгенде  биз татыктуу жашоо менен аларды камсыз кыла алабызбы? Маселе ушунда. Алар биз үчүн эбегейсиз чоң инвестиция болуп берип жатышат. Ал эми тапкан акчаларына кийинки келечекте мекенине келип жакшы жашоого багыттап берүүбүз керек. Бүгүнкү күндѳ ошондой инвестициялай турган кепилдиги бар ишканаларды ачуу керек. Болбосо той аш болуп эле максатсыз багытка кетип жатат.

10.Эч бир баш мыйзам (Конституция) элге мамлекетке каршы иштелип чыкпайт. Маселе анын аткарылышында. КРда мыйзамдарды кантип эфективдүү, толук кандуу иштеши үчүн долбоорлорду даярдоо.