Шайдиев Алмазбек Усупбаевич

Мен Шайдиев Алмазбек Усупбаевич № 17 Бир мандаттуу Аксы шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаттыгына талапкер.

1986-жылдын 25-февралында Аксы районунун Авлетим айылында мугалимдин үй бүлѳсүндѳ  жарык дүйнѳгѳ келгем.1992-жылы Байгашка-Терек айылында жайгашкан №21 Ы.Акылбеков орто мектебине башталгыч класска кирип 2003-жылы орто мектепти аяктагам.

2004-жылы турмуш шартка байланыштуу бир жыл айыл чарба жумуштары менен  үй-бүлѳмѳ жардам берип жүргѳм.

2004-жылы Ошол маалдагы КМЮА (азыркы Ош МЮИ)жогорку окуу жайга тапшырып, 2012-жылы ийгиликтүү аяктагам.

2005-жылы Россиянын мамлекеттинин борбордук жогоркуокуу жайларына тапшыруу боюнча квотасынын конкурсунда Воронеж Мамлекеттик Университетинин Журналистика факультетине күндзгү бѳлүмүнѳ окууга ѳтүп.2009-жылга чейин окугам.

2012-жылдан баштап 2013-жылга чейин эл катарында эмгек мигранты.2014-жылдын башынан Аксы райондук суу чарба башкармалыгына башкы адис катары жумушка орношуп бүгүнкү күнгѳ чейин иштеп келе жатамын.

2021-жылдын апрелинен тарта Жергиликтүү кеңештин депутаты (Авлетим айылдык кеңеши).

Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын, Жалал-Абад областык мамлекеттик  администрациясынын  ардак громаталарынын ээси.

Үй-Бүлѳлүүмүн.