Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин шайлоо алдындагы

 

ПРОГРАММАСЫ

 

1.Тышкы жана ички инвесторлордун жардамы менен айыл-чарба продукцияларын кайра иштеп чыгаруучу ишканаларды куруу. Жаңы жумушчу орундарды түзүү.

2.Дыйкандарга жеңилдетилген шартта акчалай кредит, арзанбаада күйүүчү май менен камсыздоо. Аймакта даярдоо пункттарын ачуу.

3.Аймактагы тоо-кен ишканаларында иштөө үчүнжергиликтүү элге жана кадрларга артыкчылык берүү.

4.Региондогу экотуризмге өзгөчө көңүл бөлүү. Ата-мекендик жана чет өлкөлүк туристтерди аймакка тартуу.

5.Аймактык оорукканаларды, поликлиникаларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо.

6.Мектептердин материалдык-техникалык базаларын бекемдөө, жаңы окуу куралдары, заманбап техникалык каражаттар менен камсыздоо.

7.Аймактын областтык борбор жана тегеректеги айылдар менен байланыштырган автомобиль жолдорун куруп бүтүрүүнү тездетүү.

8.Укук коргоо, сот, тергөө органдарынын иштерине мамлекеттик, коомдук көзөмөлдү күчөтүү.

 

 

 

Штабдын дареги: Ала-Бука айылы М.Мамырбеков көчөсү№29а,

Тел : 0999-371-006

Почта:orozbayev57@mail.ru