ПРОГРАММА

 

Кымбаттуу, Ала-Букалык жана Чаткалдык жердештер!

Эгемен күнүнөн тарта айыл жергесинде көптөгөн көйгөйлөр чечилбей келе жатат. Мен өзүмдүн программамда биринчи кезекте таза суу, жол маселесин, билим берүүнүн сапатын, айыл чарбасындагы көйгөйлөрдүн чечүлүүсүнө бар күчүмдү жумшаймын.

Ошондой эле программада жаштардын дараметин ачуу, практикада колдонула турган билимди калыптандыруу, аларга дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга, атаандаштыкка жөндөмдүү жана суроо-талапка ээ болууга мүмкүндүк берилиши каралган.Жаштардын билим деңгээлин көтөрүп, ар бир жаранга бирдей жардам берүүгө аракет кылам.

Негизги максаттарымдын бири жаштардын - эмгекке жарамдуу калктын активдүү бөлүгү үчүн өз өлкөбүздө жашап жана эмгектенүүгө мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлүшүнө аракет кыламын.Жаштардын Кыргызстанда жашоого, жаратууга болгон мотивациясын жогорулатууга аракет кыламын.

Эгерде сиз мени колдоп, мага добушуңузду берсеңиз өзүмдүн билимимди жана тажрыйбамды сиздин жана сиздердин балдарыңыздардын жашоосун жакшыртуу үчүн жумшаймын. Себеби, айыл өнүксө – өлкөбүз өнүгөт.

Мен ишенем. Өзгөрүүлөр туура жол тандоодон башталат. Келечекке карай жолтандаңыз!