КР жогорку кеҢешИНИН депутатЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПрограммаСЫ:

Мен, Тотонов Нурбек Темирбекович, учурдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатымын, көп жылдардан бери курулуш тармагында иштеп келгениме байланыштуу, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине мүчөө болгонмун.

Мен КР Жогорку Кеңешинин жыйындарында ар дайым элет элинин көйгөйлүү маселелерин көтөрүүгө аракет кыламын, “Ааламга жол, айылдан башталат” демекчи өзүм дагы айылда төрөлүп, айылда өскөндүгүмө байланыштуу, айылдагы көйгөйдүн дээрлик бардыгын өзүмдөн билемин.

Менин программамдын ар бир пункту райондордогу жана бүткүл республикадагы социалдык чөйрөнүн курч маселелерин чечүүнү сунуштайт.

  1. Калкты социалдык жактан тейлөө

- жарандардын мамлекет тарабынан ишке ашырылып жаткан социалдык колдоо чаралары жана программалары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу;

- социалдык кызматкерлердин орточо эмгек акысын жогорулатуу;

  1. Билим жана жумушка орношуу

- керектүү сандагы балдардын билим берүү мекемелерин куруу;

- педагогикалык институттарда болочок мугалимдерди даярдоонун сапатын жогорулатуу;

- мамлекеттик колдоо чараларын жана бардык деңгээлдеги мугалимдер үчүн жеңилдиктер системасын көрсөтүү менен мугалимдик кесиптин жагымдуулугун жогорулатуу;

  1. Спорт жана дене тарбия

- активдүү жана сергек жашоо образын жайылтуу;

- жарандардын бардык категориялары үчүн массалык спорттук иш -чараларды уюштуруу;

- массалык спортту колдоо жана өнүктүрүү;

- балдар спортун өнүктүрүү;

  1. Медицина

- Ооруканалардын абалын жаңыртуу;

- Абалы начар фельдшер-акушердик пункттардын жаңы имаратын куруу;

- Керектүү дары дармек жана техника менен өз убагында камсыз кылуу;

2021 -жылдын 18 -ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо өтөт. Бул тандоодон биз сизге, биздин келечегибизге, келечектеги балдарыбызга көз каранды болобуз. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине биздин өлкөнүн жарандарынын социалдык маселесин ошондой эле жакшы жол, таза суу жана суугат суу маселесин жеткиликтүү кылуу үчүн баратамын.