Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине №19 шайлоо округунан  депутаттыка талапкер Дуйшеналиев Болотбек Согушбековичтин программасы

 

  1. Токтогул району, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын, Шамалды-Сай шаарчасынын жакынкы арадагы өнүгүү стратегиясын жергиликтүү эл жана бийлик өкүлдөрү менен бирге иштеп чыгып кабыл алуу.
  2. Бул аймактагы бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери, о.э. бардык мекемелердин аймактын тургундары менен иш жүргүзүүдө мыйзамдуулукту бекем сактоосунун үстүндө иш алып баруу.
  3. Аймактын тургундарынын татыктуу медицина, жумуш орундары жана жетиштүү инфраструктура менен камсыздалышына, о.э. мектеп, бала-бакчалар тармагындагы маселелердин чечилишине жардам көрсөтүү.
  4. Коррупцияга бөгөт коюп, ага карата эффективдүү механизмдерди иштеп чыгуу.
  5. Токтогул районунун атайын фондунун (спец.фонд) коррупциясыз, толук ревизияланган жобосун жаңыдан иштеп чыгып, буга чейин уурдалып келген бардык каражаттарды өз ордуна алып келүү.
  6. Мамлекетибиздин, эли-журтубуздун кызыкчылыктарын коргоо.
  7. Адам укуктарын коргоо, экономикалык жана социалдык өнүгүүгө керектүү бардык шарттарды түзүү.
  8. Билим, маданият, спорт тармактарында эркин ой жүгүрткөн, мекенин сүйгөн жаштарды тарбиялап чыгууга шарттарды түзүү.

 Мамлекетибиздин жана элибиздин байлыктары, тоо кендери, мөңгүлөрү, таза суулары боюнча концептуалдуу мыйзамдарды иштеп чыгып жана алардын кынтыксыз аткарылышын көзөмөлдөө.