№19 Токтогул бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Матмусаев Жанышбек Мырзабековичтин шайлоо алдындагы программасы

 

Мен Матмусаев Жанышбек Мырзабекович, алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешке болуучу шайлоого катышам. Укук коргоо тармагында 20 жылдан ашык иштедим, бул жыл аралыгында канчалаган мыйзамсыз аракеттер, коррупциялык иштер, ар кандай чуулгандуу окуялар болуп отту.

Убакыт келди, эми мындай коррупциялык мыйзам бузууларга олкобуздун казынасына зыян келтирип тоногондорго жана башка коррупциялык жолдор менен уурдап тоногондорду карап тура албайм. Кыргыз олкобуз учун иштеп берууго акылым билимим дагы, иш тажрыйбам дагы, кучум дагы жетет!

Акыйкаттуулукту, адилеттуулукту, тазалыкты, тартипти бекем тутуп, элибиздин бакубат жашоосуна жана Кыргыз Республикасынын келечеги учун салымымды кощууга оз кучумду тажрыйбамды колдонуп иштеп берууго даярмын!.

 Кыргыз Республикасы эгемендикти алгандан бери 30-жылдык жолунда өтө оор жана кооптуу учурларды башынан өткөрдү. Бир нече жолу өлкөбүз жоголуп кетүү коркунучунда болду. Бирок мындай кырдаалга карабастан кыраакы жана даанышман элибиз өлкөбүздүн жоголуп кетүүсүнө жол берген жок! 30 жылдык тарыхыбызда биздин мамлекет саясий жана экономикалык жактан туруктуу өнүгүү жолуна түшө албай кыйчалыштап кыйналып келет. Бийликтегилердин саясий жана жеке бизнес кызыкчылыктары үчүн мамлекеттин жана элдин кызыкчылыктарынан, өз кызыкчылыктары үчүн жогору коюп келишет. Элибиз абдан көп кыйынчылыктарга туш болуп жаткан учуру. 1 млндон ашык мекендештерибиз чет жерде мигрант болуп көр тиргиликтин айынан иштеп ар жерде жүрүшөт. Алар жыргаган жашоодон улам, өз айылын, ата-энелерин жана балдарын таштап кетип жатышкан жок. Өз убагында чабалдыктан жана сабатсыздыктан, кыянаттык менен жүргүзүлгөн саясаттын айынан экономикабыз талкаланып, өз жеринде иш таппай, башка жакка тентип ар жерден иш таап иштеп кетишти. Азыркы учурда мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын ойлой турган, саясий элитаны жаңылоо тандоо мезгили келди.

Жакында боло турган Жогорку Кенешке шайлоо бул өлкобүздүн  мындан аркы өнүгүшүнүн жаңы жолун тандоо жана мамлекетчил, мекенчил инсандарды, тазалыкты, адилеттүүлүктү, акыйкаттуулукту, тазалыкты, тартипти бекем туткан патриот профессионал адистерди тандоо зарыл!.

Мен депутат болуп шайлансам төмөнкү маселелерди чечкенге бардык күч аракетимди, билимимди, тажрыйбамды жана дараметимди жумшайм.

- Элибиздин жыргалчылыгын жана бакубат жашоосун камсыз кылуу!

- Кары-картандарга, азыркы жана келечек муунга татыктуу бакубат жашоону, жакырчылыктан коргоону камсыз кылуу!

- Билим беруу тармагына, озгочо конул буруп келечек муундарыбызга сапаттуу билим берууну колго алууну камсыз кылуу!

- Кичи жана орто бизнести онуктурууну колго алууну камсыз кылуу зарыл!

- Айыл-чарбалык иштерди жана мал чарбачылык иштерине озгочо конул буруп колго алып онуктурууго карай комок корсотуубуз зарыл!

- Жаштарга ар тараптан колдоо корсотуп жана аларга шарттарды тузуп беруу жагын колго алып комок  корсотуу зарыл!

- Жер кен-байлыктары боюнча кайрадан кароо жургузуп, учурунда коррупциялык жолдор менен менчикке чыгарып алган кен-байлыктарын мамлекеттин казынасына же жеке менчиктен мамлекеттин карамагына откоруу жагын колго алуу зарыл!

Мамлекеттик деңгээлде негизги экономикалык маселени чечүү керек:

  1. Ишкерлерге максималдуу шарттарды түзүү;

А) текшерүүлөрдү кескин азайтуу;

Б) уруксат берүү кагаздардын санын азайтуу;

В) салык жана башка төлөмдөрдүн өлчөмүн азайтуу;

Г) бирдиктүү терезе системасын киргизүү ( жаңы ишкана ачуу, уруксат кагаздарын алуу ж.б.)

 

  1. Дыйкандарга жана жарандарга максималдуу түрдө жардам көрсөтүү;

А) пайыздык төлөмү арзан жана узак мөнөөттүү кредиттерди берүү;

Б) техника менен камсыздоо (арзан жана узак мөөнөттүү лизинг);

В) дыйкандар өндүргөн продукцияларды экспортко чыгарууну жөнгө салуу;

 

  1. Жаңы ачылган ишканаларды салыктан жана башка төлөмдөрдөн бошотуу, текшерүүгө тыюу салуу.

Аталган маселерди жөнгө койсок, жумушсуздук, жакырчылыкты жана коррупцияны жеңип чыгабыз. Булар бири бирине чырмалышып байланышып калган көйгөйлөр.

Мен өзүм кандидатурамды коюп жатып,  округдагы төмөнкү маселелерди чечүүгө аракет кылам:

  1. Ишкерлер жана дыйкандар үчүн жеткиликтүү болгон кредиттер системасын түзүү. Бул иш банктар жана микрокредиттик уюмдар тарабынан берилип жаткан насыялардын үстөк пайыздык ченемин төмөндөтүү жана узак мөөнөткө берүүгө шарт түзүүчү мыйзам актыларын кабыл алуу аркылуу ишке ашырылат;
  2. Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушун аягына чыгаруу жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштоо маанилүү. Андан тышкары чакан ГЭСтерди куруу (Кара-Суу дарыясына). Бул иш Кыргызстанды электр энергия менен толук камсыздоого шарт түзөт жана жаңы ачылып жаткан өнөр жай ишканаларына, жалпы эле керектөөчүлөрдүн муктаждыгын камсыз кылат. Бул 2 ГЭСтин кеңселерин райондун борборуна жайгаштыруу керек. Бул райондо кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана тиешелүү салык төлөмдөрүнүн түшүшүнө жана башка пайдалуу натыйжаларга алып келет;
  3. Сугат жана таза суу көйгөйүн чечүү жана сугат жерлерин көбөйтүү максатында, жаңы ирригациялык каналдарды куруу керек. Мисалы: Үч-Терек өрөөнүндөгү Коңур-Өгүз каналын узартып куруу. Кара-Суу көлүнөн Сары-Талаа массивине суу чыгаруу. Ошондой Чолпон-Ата жана Кетмен-Төбө айыл аймагына жаңы каналдарды куруу. Бул маселелерди республикалык деңгээлдеги тиешелүү программаларга киргизүү жолу менен чечилет. Бир эле буга спецфонддун каражаты жетпейт.
  4. Округдагы жаңы социалдык объектилердин курулушун тез арада баштоо. Себеби, бизде авариялык абалдагы мектептер көп. Бала бакчалар жетишсиз. Жабык типтеги заманбап спорт залдарын жана медициналык жайларды куруу зарыл.
  5. Айылдар аралык жолдордун абалы оор. Аларды калыбына келтирүү зарыл. Айта берсек маселе көп. Алардын барын жеринен билем жана чечүүнүн жолдорун так билем.

Урматтуу мекендештер.

Бүгүн өзүбуздүн оюбузду келечекке бурууга убакыт келди. Биз көп шайлоолорду көрдүк. Таза шайлоо болсун, идеялардын жана саясий платформанын тандоосу болсун деген чекке келдик.

Биз округдагы ар бир  шаардын жана айылдын көйгөйлөрү менен таанышпыз жана аларды чечүүнүн жолдорун табабыз.

Биз бул шайлоого таза жол менен барабыз. Таза жол жана мыйзамдын так аткарылышын камсыздоо менен ар бирибиздин татыктуу бакубат жашоого жетишебиз, эгерде сиздер колдосонуздар.

Элибиздин акылмандыгы, даанышмандыгы жана эр жүрөктүүлүгү биздин мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, бизди жаркын келечекке алып барат деп ишенем.