ӨНҮГҮҮ ПРОГРАММАСЫ

 

 

Биздин байлык – эл. Бүгүн элибиз ишкерликти үйрөнбөсө, колунда бар суудан, кен байлыктардан, мүмкүнчүлүктөрдөн кол жууп калат. Ошондуктан, «Ар бир үйдөн бирден ишкер чыксын» -  деп, мен Беканас Байгазмиев Жогорку Кеңешке депутат болууну чечтим!

 

 

Биздин өлкө ишкерлик үчүн эң ыңгайлуу. Бирок калкыбыздын көпчүлүк бөлүгү         жакыр жашайт. Натыйжада: миграция, жумушсуздук күчөдү, элдин ден соолугу начарлады.

 

Биз тез арада ишкерликти өздөштүрүүбүз зарыл! Бул үчүн элибизди  ишкерлик кылууга үйрөтүп, аны уюштурууга шарт түзүп беришибиз керек.

 

Мен 2014-жылдан бери ишкерлерлик менен алектенип келем жана командам менен биргеликте буга чейин 15 000 адамды ишкердикке үйрөтүүгө жетиштик.

 

Биз иш жүзүндө ар бир үйдөн ишкер чыгарса болоорун далилдедик жана муну мамлекеттик деңгээлге алып чыгарса боло тургандыгына көзүбүз жетти.

Мага добуш бериңиз, мен сөзүмө турам!