
Өнүгүү программасы жана максаттары:
- Кыргызстандын туруктуу (экономикалык, социалдык жана экологиялык) өнүгүүсүнө шарт түзүү жана камсыз кылуу;
- Элет элинин кызыкчылыктарын эсепке алган мыйзамдарды чыгаруу. Заманбап консультация механизмин киргизүү;
- Тармактар аралык кызматташууну түзүү, камсыздоо жана аны арттыруу;
- Сапаттуу билим, өзгөчө элеттик билим берүүгө көңүл буруу;
- Энергетика, кен казуу, курулуш, кайра иштетүү жана инфрастуктуралык, долбоорлордун натыйжалуулугун күчөтүү;
- Татыктуу жумуш жана экономикалык өнүгүү;
- Сапаттуу саламаттык сактоо кызматы жана бакубат элеттик жашоо. Улуттук баалуулуктарды сактоо жана арттыруу;
- Элет аялдардын жана жаштарынын укуктарын коргоо жана бекемдөө;
- Үй-бүлөөлүк малчы-дыйкан чарбалардын Кыргызстандагы баркын көтөрүү жана өнүктүрүү. Жакырчылыкты деңгээлин азайтуу;
- Жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу жана калыбына келтирүү;
- Азык-түлүк коопсуздугу жана жергиликтүү малчы-дыйкандардын продукцияларын сатуу көлөмүн көбөйтүү. Жергиликтүү базарлардын санын жана сапатын көтөрүү; Импорттун көлөмүн азайтуу.
12. Сырткы инвесторлордун жоопкерчилигин талап кылуу, көзөмөлдөө жана көтөрүү.