Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу № 19 Токтогул шайлоо округунан талапкер

Абдыбек Бекишовдун  шайлоо алдындагы

ПРОГРАММАСЫ

 

  1. Адам жана анын муктаждыктары социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу мамлекттик саясаттын негизги өзөгү болуусу керек. Соц.пенцияларды, жөлөк пулдарды, жашоо шарттын талабына ыңгайлап көтөрүү жана авариялык мектептерди, бала бакчаларды жетиштүү санда сапаттуу курууну, ошондой эле районубуздагы таза суу, сугат суу жана жол маселелери боюнча иш алып баруу.

 

  1. Медакадемиянын бүтүрүүчүлөрүн милдеттүү түдө 2 жылга алыскы райондордогу айылдардагы ооруканаларга барып иштөөсүн мыйзамдаштыруу.

 

  1. Спорт тармагын көтөрүү, спорт аянтчаларын, спорт залдарды курууну ишке ашыруу.
  2. Кичи жана чон ГЭСтерди курууну мамлекеттик деңгээлде көтөрүү.
  3. Айыл чарба жана мал чарбасын көтөрүү максатында фермерлерге, кооперативтерге, дыйкандарга узак мөөнөттүү 4-5% дан жогору эмес, 11-15 жылдык мөөнөт менен кредит, лизинг аркылуу жеңилдетилген шартта айыл чарба техиникаларын, шаймандарын берүү зарыл.
  4. Айыл аймактарды жана кичи шаарларды өнүктүрүү.
  5. Айыл өкмөттөрдү, мэрияларды өнүктүрүү максатында подоход салыгын 100 % сатуудан алынуучу салыктарды толугу менен республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке өткөрүп берүү жана географиялык абалына жараша өнүгүү программаларын иштеп чыгуу.
  6. Токтогул районундагы атайын фондко бөлүнүүчү каражатты инфиляцияга жараша көтөрүү боюнча мыйзамдарды кабыл алуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү (соц.тармагына 30 % иригацияга 70% ж.б ).

Аткаруу бийлигинин жана эл менен тыгыз иш алып баруу.