КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН жогорку кеҢешИНИН депутатЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПрограммаСЫ:

 

  1. Эң зарыл мыйзамдарды кабыл  алуу.                                                   Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшү  - баарына ыңгайлуу жана туура мыйзамдардын кабыл алынуусунан көз каранды.
  2. Инвесторлорго «Кепилдик фондун» түзүү. Инвестиция тартуу үчүн инвесторлорго жагымдуу шарт, кепилдик жана тиешелүү кирешеси менен сунуштар берилет.
  3. «Медицина кызматкерлеринин жана мугалимдердин статусун көтөрүү» жөнүндө мыйзамдарды көтөрүү.    
  4. Чакан ГЭСтерди куруудагы проектилерди түзүү жана алып чыгуу. Камбар-Ата 1 ГЭСин курулушунда мыйзамдарды кароо, акчанын туура пайдаланылышын көзөмөлдөө.        
  5. Айыл-чарбасында мал-чарбачылыкты асылдандыруу жана жайыттарды ыраттуу пайдалануу; дыйкан чарбалардын эгин-тегиндердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн маселелерди көтөрүү.
  6. «Таза-Суу» долбоору менен райондун суу жеткирилбеген айыл аймактарына суу жеткирүү жана жолдорун оңдоп түздөөдө активдүү болуу.
  7. Жаштарды спорт жана маданият тармагында колдоо максатында аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү жана Жогорку кеңеште пайдалуу мыйзамдарды көтөрүп чыгуу.            

Студенттердин, мектеп окуучуларынын жана бала бакчадагы балдардын билим деңгээлин көтөрүүгө көмөк көрсөтүү жана көзөмөлгө алуу.