КР жогорку кеҢешИНИН депутатЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПрограммаСЫ:

 

  1. Билим берүү

Жалпы орто билим – негиздердин негизи

  • Жалпы орто билим берүүчү мектептерде иштеген мугалимдердин социалдык абалын жакшыртуу: айлык акысын жогорулатуу менен бирге мугалимдердин сапаттык курамын жакшыртуу (жыл сайын квалификациясын жогорулатуусуна шарттарды түзүп берүү);
  • Мугалимдердин айлык акысынан алынуучу киреше салыгынын пайызын азайтуу демилгесин көтөрүү жана аны ишке ашыруу;
  • Жалпы орто билим берүүгө өзгөчө көңүл буруу: мектептерди тийиштүү жабдуулар менен камсыз кылуу (заманбап компъютерлер, китептер жана предметтик окуу куралдары).

Атайын орто жана башталгыч кесиптик билим – айыл чарбанын өнүгүшүнүн негизги багыты

  • Атайын орто жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү: окуу жайларда айыл чарбасына тийиштүү кесиптердин окутулушун көбөйтүү (заманбап айыл чарба машиналарын айдоочулары, айыл чарба техникаларынын операторлорун, ширетүүчү ж.б.),
  • Башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринде ар кыл тармактагы IT-программалоо боюнча окутууга шарттарды түзүү жана алардын сапатын жакшыртуу;
  • Атайын орто жана башталгыч кесиптик билим берүү мекемелерин окуп бүтүргөн окуучуларды жогорку окуу жайларынан өз кесиби боюнча акысыз билим алуусун, окууну аяктаган соң мамлекет ичиндеги жана эл аралык  ишканаларда жумуш менен камсыз кылуусун жөнгө салуу.
  •  
  1. Саламаттыкты сактоо

Сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызматк өрсөтүү – улуттун дени сак болуусуна өбөлгө

  • Район борборлорундагы жана кичи шаарлардагы дарылоо мекемелерин реконструкциялоо, заманбап медициналык жабдуулар менен жабдуу (гемодиализ аппараты, томография, УЗИ, реанимобиль ж.б.);
  • Медицина кызматкерлеринин сапаттык курамын жакшыртуу жана тийиштүү деңгээлдеги эмгек акы менен камсыз кылуу.
  • Аймактардагы жаш адистерди үй менен камсыз кылууну колго алуу.
  •  
  1. Коомдук тартип

Коомдогу тартип – өлкөнүн өнүгүүсүнүн өзөгү

  • Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин сапаттык курамына көңүл буруу;
  • Керектүү шаймандар, формалар жана транспорт каражаттары менен камсыздоо;
  • Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кол тийбестиги жөнүндө маселе көтөрүү;
  • Татыктуу эмгек акы менен камсыз кылуу;
  • Адам укуктары боюнча иштерди күчтөндүрүү жана көзөмөлгө алуу.

 

  1. Улуттук маданият жана спорт

Улуттун маданияты –  дүйнө коомчулугунда өз ордубузду ээлөөгө негиз болуучу зарыл түркүк 

  • Маданият жана спорт тармагындагы кызматкерлердин социалдык абалына өзгөчө көңүл буруу, жакшыртууга аракеттерди көрүү;
  • Заманбап маданият үйлөрүнүн, китепканалардын, стадиондордун жана спорттук- ден соолукту чыңдоо комплекстеринин курулушуна  көмөк көрсөтүү;
  • Дин ишмердүүлүгүнүн туура жүргүзүлүшүнө жана багыттарына  көңүл буруу;
  • Улуттук баалуулуктардын жана жетишкендиктердин сакталышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди күчөтүү.
  •  
  1. Аймактарды өнүктүрүү

Ааламга жол аймактардан башталат

  • Аймактарда айыл чарбанын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруу, б.а. фермерлерди айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу;
  • Фермерлерди аз пайыздуу кредиттер, кийинчерээк пайызы жок ссудалар менен камсыздоо;
  • Айыл чарба ишмердүүлүгүнө инвестиция тартуу;
  • Тоолуу аймактарда туризмди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
  • Калктын социалдык аялуу катмарына материалдык жактан жактан колдоо көрсөтүү, пенсия жана пособиелердин көбөйтүлүшүнө жетүү;
  • Аймактарда суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу максатында айдоо жерлерде тамчылатып сугаруу методун масштабдуу колдонуусуна шарттарды түзүү;
  • Калктын таза сууга болгон жеткиликтүүлүгүн арттыруу;
  • Орто жана кичи бизнеске колдоо көрсөтүү (төмөн пайыздуу насыя менен камсыз кылуу, укук коргоо органдарынын текшерүүлөрүнө мораторий коюу, көмүскө экономиканы аныктоо жана жоюу максатында мамлекет тарабынан алынып жаткан салык төлөмдөрүнүн пайызын карап чыгуу).

 

 

 

 

  1. Электроэнергия тармагы

Электроэнергия – Кыргызстандын  артыкчылыктуу байлыгы

  • ГЭСтердин курулушуна ар тараптуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү (Нарын ГЭС, Камбар-Ата ГЭСинин 2-агрегаты, атайын гидроэлектромонтаж)
  • Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун мамлекеттин өз каражаты менен баштоосуна көмөктөшүү;
  • Мамлекеттин тоо-кен байлыктарын туура (өлкөнүн экологиясына зыяны тийбегидей)  пайдалануусун көзөмөлдөө;
  • Мигранттардын катарынан тажрыйбалуу адистерди электроэнергия тармагына тартуу;
  • Министрликтерди жана ведомстволорду оптимизациялоо
  •  
  1. Санариптештирүү

Санариптеширүү – учур талабы

  • Мамлекеттик же муниципалдык бийлик органдарын электрондук башкаруу системасын чыңдоо. Коммерциялык уюмдар да санариптик Кыргызстанды алдыга жылдырууга кызыкдар болушу үчүн бизнес түзүмдөрүн мамлекеттин электрондук башкаруу системасына туташтыруу;
  • Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталынын, бирдиктүү идентификациялык системасынын, электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасын, электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасын бекемдөөгө жана иш көлөмүн көбөйтүүгө көмөк көрсөтүү;

Аймактарда жаштардын  IT-программалоону үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзүү.