КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

  1. Айыл чарбасын өнүктүрүү.

Азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу жана дыйкандардын киреше булактарын өстүрүү. Жер жерлерге айыл-чарба агрардык жана ветеринардык консультациялык тейлөө кызматын  ачуу. Айыл чарба продукциясын сатууда өлкө ичиндеги жана эл аралык рынокторго жол ачып берүү. Айыл чарба багытындагы жерлердин аянтын көбөйтүү жана суу ресурстарын туура пайдалануу. Акыркы заманбап технологиялар менен камсыздоо.

  1. Билим берүү тармагы.

Билим берүү Кыргыз мамлекетинин экономикалык өсүшүнүн эң күчтүү кыймылы болуп саналат. Биздин регионго билим берүү жаатында маанилүү багыттар болуп төмөнкүлөр саналат: гидроэнергетика, суу жана тоо кендерин изилдөө тармагы, экологиялык таза үрөн чарбасын өндүрүү. Тоо-кен секторунун илимий-изилдөө жана билим алуу багытын өркүндөтүү.

  1. Социалдык коргоо.

Эң биринчиден калктын аярлуу катмарын социалдык жактан тейлөөнү колго алуу. Социалдык жөлөк пулдардын өлчөмүн көбөйтүү, ар кандай социалдык жана медициналык жардам берүү.

  1. Спорт.

Спортту өнүктүрүү жалпы улуттук маданияттын бир бөлүгү болуп саналат. Биздин регионго дене-тарбия жана спорт курулмаларын көбөйтүү. Спорттук мекемелердин материалдык-техникалык базасын бекемдөө. Бул иш чаралардын дени сак келечек муунду тарбиялоодо мааниси өтө зор.

  1. Ыйман адеп ахлак.

Кыргыз мамлекетибиздин өсүп өнүгүшүнүн бирден бир жолу ыйман адеп ахлак болуп эсептелинет. Өсүп өнүгүүдө коомдун салтуу баалулуктарын жайылтышыбыз абзел. Үлгүлүү үй-булө, сергек жашоо, ата-мекенди сүйүү, мекенчилдик жана элге кызмат кылуу биздин эң башкы багыттарыбыз болуп саналат.