Кыргыз Республикасынын жогорку кеҢешИНИН депутатЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПрограммаСЫ:

                  

Урматтуу №20 Манас шайлоо округунун  шайлоочулары!

         Менин алгачкы ыраазычылыгымды өзүмдүн ааламым болгон Апама, бир туугандарыма, үй-бүлөмө жана элиме болмокчу. Дүйнөнү канчалык кыйынчылыктар  баскан учурда Кыргыз элимдин биримдиги дуйнө элдеринин таң калуусун жаратты. Мамлекетибиз өз башынан өткөргөн кыйын кырдаалдарга карабастан, элибиз өз киндигин өзү кесип келет. Отуз жылдык башаламанда  өлкөбүздө экономикалык абал оордоп Кыргызстан азыркы учурда «Мигранттарды чыгаруу фабрикасына»  айланып калгандыгы жеке өздүк атуулдук намысыма шек келтирет. Ар бир абийирдүү мекенчил атуулдун оюна келгендир. Мекендештериме бакубат жашоо, өсүп келе жаткан ини карындаштарыма татыктуу келечек арнап, кыргызстандын атуулу, атанын уулу, Таластын кулуну катары ушул кадамга барууну туура көрдүм. Жакырчылыкты жоюу максатында, келечекте Талас өрөөнүн экспорттук чөлкөм катарында экономиканын локомотиви болооруна толук ишенип, өз колумдан келишинче жаратканымдын берген акылы менен өз кызматымды элге арнамакчымын! Менин алдыга койгон максаттарым төмөндөгүчө:

  1. «Мугалим мөмөлүү дарак» социалдык проект;
  2. КолЛективдуу айыл чарба багыты: «Ала -Тоо»:
  3. Экологияны сактоо - «Табият менен таттуу мамиледе болуу»

Элиме терең урмат-сыйымды билдирем!