КР жогорку кеҢешИНИН депутатЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПрограммаСЫ:

Дүйнө жүзүндө экономикалык кризис болуп жатат, Кыргызстан да четте калган жок. Бааларөсүүдө, ал эми жарандардын көпчүлүгүнүн реалдуу эмгек акысы жана пенсиясы жашоо минимумуна жетпейт. Мен мурдагы айыл өкмөт башчысы жана шаардык кеңештин депутаты катары аймактардагы көптөгөн көйгөйлөрдү
жергиликтүү бюджеттин эсебинен чечүү мүмкүн эмес экенин түшүнөм. Республикалык деңгээлде социалдык көйгөйлөрдү (мектептерди, бала бакчаларды, маданий жайларды, жолдорду оңдоо, ирригация, калктын ичүүчү таза суусунун
жетишсиздиги) чечүү зарыл.
-САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО – саламаттыкты сактоо системасын модернизациялоо, мамлекеттик поликлиникаларды куруу, заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу, медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу дыкат көңүл бурууну талап кылган башкы маселе.

БИЛИМ БЕРҮҮ - Жайыл жана Панфилов райондорунда мектеп имараттарын курууну аяктоо, мектептер үчүн кошумча имараттарды куруу. Мектепке чейинки балдар мекемелеринин ачылышы. Орто атайын билим берүү мекемелери өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.

ТРАНСПОРТТУК ИНФРАСТРУКТУРА.
Жайыл, Панфиловрайондорунда, Кара-Балта шаарында жолдун абалы абдан  кейиштүү. Биринчи кезекте шаардын жана айылдын ичиндеги калктуу конуштардын
жолдорун оңдоо.
АЙЫЛ ЧАРБАСЫ: Кыргыз Республикасы - агрардык өлкө, андыктан айыл жергесинде өсүмдүк жана мал чарбачылыгына заманбап технологияларды
киргизүүгө басым жасоо зарыл. Айыл чарба жерлерин сугаруунун альтернативдүү түрлөрүн колдонуу. Кайра иштетүү жана логистикалык борборлорду куруу. Дыйкандарга мамлекеттик жактан колдоо көрсөтүү.
ӨНӨР-ЖАЙ - Кара-Балта шаары Кыргыз Республикасынын негизги өнөр-жай жана маданий борборлорунун бири. Районубуздагы токтоп турган өнөр-жай ишканаларын
калыбына келтирүү жана ишке киргизүү. Инвесторлорду тартуу, жаңы ишканаларды
ачуу, жаңы жумуш орундарын түзүү.
ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОР - чек арадагы Чалдовар айылында өнөржай товарлары, айыл-чарба продукциялары жана башкалар үчүн логистикалык борборлорду ачуу зарыл. Урматтуу шайлоочулар! Мен Шаардык кеңештин депутаты жана айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген тажрыйбамда эң алгач жашоочулардын көйгөйлөрүн өз убагында чечүү башкы милдет экенин көрсөтө алдым. Ошондуктан, менин ишимдин башкы принциби – көйгөйлөрдү айтуу эмес, аларды чечүү!

 

штабДЫН ДАРЕГИ Кара-балта шаары, к. Кожомбердиева 69

тел.: 0501 15 31 15

САЙТЫ ЖЕ почтаСЫ: nurmat_kg@mail.ru