№22 Жайыл бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бактыбек Райымкуловдун шайлоо астындагы  программасы:

    Бүгүнкү күндө элди эмне тынчсыздандырат? Эң эле көйгөйлүү маселелер бул –айлык акынын өлчөмү, турак жай, социалдык камсыздоо, билим алуу, керек учурда медициналык жардам алуу, айыл чарбасын жана инфраструктураны өнүктүрүү.

Ошол себептен, төмөнкү иштерди аткаруу керек:

  • 2025 жылга чейин орточо эмгек акынын деңгээлин 2,5 эсеге, пенсиянын деңгээлин 2 эсеге мыйзам ченемдерине ылайык жогорулатуу.
  • Калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу.
  • Коммуналдык кызматтардын тарифтеринин өсүшүн болтурбай коюуга болбойт, бирок муну ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, жылуулук менен камсыз кылуунун анча кымбат эмес булактары жана турак жай-коммуналдык чарба системасын модернизациялоо үчүн инвестицияларды тартуу.
  • Айыл чарба аймактагы көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн маанилүү киреше булагы болуп саналат. Элге жакшы үрөн, жабдууларды алууга, инвестиция тартуу аркылуу лизингди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берүү.
  • Айыл чарбасына төмөндөтүлгөн пайыздагы насыяларды алууга шарт түзүү.
  • Туура бөлүштүрүү аркылуу дыйкандарды үзгүлтүксүз сугат суусу менен камсыз кылуу.
  • Жайыл жана Панфилов райондорун таза суу менен камсыз кылуу.